Шашылыш кабар:

Шевченко Дубайда өтө турган эрежесиз уруш боюнча мелдешке катышат

Ноябрь 16, 2017 | жарыялаган Халил Халил
70

Кыргызстандан чыккан спортчу Антонина Шевченко Дубайда 22-декабрда өтө турган эрежесиз уруш боюнча «Phoenix 4 Dubai» аттуу мелдешке катышат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты маалымдады.

Ага ылайык, мелдештин алкагында бокс, тай бокс жана ММАнын эрежесинде беттештер өткөрүлөт. Антонина Шевченко 61,2 килограммга чейинки жеңил салмак ченинде, ММАнын эрежеси боюнча франциялык Валери Домергу менен беттешет. Кыргызстандык мушкер үчүн бул ММАнын эрежеси боюнча 3-оюну болмокчу. Ал эми Валери Домергу буга чейин Франция, Бельгия, Швейцария, Украина жана Улуу Британиянын аймагында 7 жолу профессионалдык беттешке катышкан.

Эске салсак, Антонина Шевченко сентябрь айында Лондон шаарында өткөн эл аралык «Phoenix 3» мелдешинде голландиялык Анниса Хадау менен мушташып, аны жеңип алган. Ал тай бокстун эрежеси боюнча «Phoenix Fighting Championship» версиясынын чемпиондук курунун ээси.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *