Шашылыш кабар:

Макроэкономикалык көрсөткүч стратегияда белгиленген чекке жеткен жок

Ноябрь 15, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
63

Бүгүн Бишкекте өлкөнүн 2018-2040-жылдарга карата өнүгүү стратегиясын талкуулаган Улуттук кеңештин VI жыйыны өттү.  Ага президент  Алмазбек Атамбаев  баштаган  мамлекеттик кызматтардын  жетекчилери катышты. Жыйында буга чйинки аткарылган иштер, учурдагы саясий, экономикалык абал жана алдыдагы пландар тулкууланып, 2040-жылга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча чечимдин долбоору кабыл алынды.  Стратегия иштелип чыккандан бери өлкөгө кандай өзгөрүү алып келе алды? Бул тууралуу  «Күн чекит» программасына мурунку экономика министри Арзыбек Кожошев айтып берди.

-Улуттук кеңештин бүгүнкү отурумунда президент өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегия өз максатына жетти деген пикирин айтты. Сиз муну менен макулсузбу?

Негизги параметрлери боюнча максатына жетти. Бирок биз стратегиянын  кайсыл мезгилде кабыл алынганын эстешибиз керек. Себеби 2011-12-жылдары стратегия иштелип жаткан мезгилде экономикалык кризис жок болчу. Ошондуктан ички дүң продукциянын өсүшү 7 пайыз  деп белгиленген. Бирок  дүйнөлүк экономикада 2013-жылдан баштап кризис башталып, бизге чейин жетти. Экинчиден Кыргызстан ЕАЭБге кирип, көйгөйлүү маселелер  чыкты.  Натыйжада 7 айыздык көрсөткүчкө жеткен жокпуз.  Эгер экономикалык параметрлерди толук  караганда көп тармактарын аткарган жокпуз. Тагыраагы өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жазылган стратегиялык көрсөткүчтөргө жеткен жок. Албетте макроэкономикалык көрсөткүчтөр баардык иштердин негизги көрсөткүчү болуп эсептелет.  Канчалык экономика жакшы болсо, киреше көп түшөт. Киреше көп болсо, чыгаша маселелери чечилет.

-Стратегияда коюлган максаттардын канчасы аткарылды дагы кайсы пландар ишке ашкан жок?

-Биринчиден Кыргызстанда 25 жылдан берки эң көйгөйлүү болуп келген коопсуздук жана энергетикалык маселелери чечилди. Ошол эле газ маселеси бир жолго коюлду. Үчүнчүдөн логистика дагы колдон келишинче  өз максатына жетти. Бирок жазылгандын баары ишке ашты дегенден алысмын. Анткен менен ар бир максат бийик коюлаарын эсибизден чыгарбашыбыз керек.

-Алдыда улуттук стратегиянын 2040-жылдарга коюлган пландар бар. Аны иш жүзүнө ашырууда негизги кандай тоскоолдуктар бар?

2040-жылдарга чейинки стратегияда БУУга мүчө мамлекеттер бекиткен 17 максаттын көбү камтылган. Ал жакта жакырчылыкты жоюу, суу маселесин чечүү сыяктуу бир канча маселе камтылган. Эми аны ишке ашырууда беш жылдык кылып аткаруу керек. Ал үчүн өлкөдө саясий туруктуулук болушу зарыл. Анткени парламенттик мамлекетпи,президенттикпи же диктатор орногон өлкөбү  эгер ал жер тынч болсо, бизнес сөзсүз өнүгөт. Себеби каражат же акча дайыма тынч жерге гана барат. Ошондуктантан ишкерлерге колдоо көрсөтүшүбүз керек. Экинчиден стратегиядагы негизги багыттардын аткарылышын мамлекет катуу көзөмөлдөгө милдетүү. Ошондо гана Кыргызстан өнүгөт жана бутунан турат.

Маегиңизге рахмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *