Шашылыш кабар:

Садык Шер-Нияз: Фестивалда кыргыз кинолору жасалмалуулук жоктугу менен айырмаланды

Ноябрь 15, 2017 | жарыялаган Каныкей Бозгунова
356

25-октябрдан 2-ноябрга чейин кыргыз маданиятында, анын ичинде кино жаатында абдан жогорку, дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чара болуп өттү. Тактап айтканда, Америка кошмо штаттарынын Лос-Анжелес шаарында Азия фильмдеринин бүткүл дүйнөлүк фестивалы өттү. Аталган фестиваль Кыргызстандын атынан быйыл 3-жолу уюштурулду.

Азия фильмдеринин бүткүл дүйнөлүк фестивалы тууралуу аталган фетивалдын негиздөөчүсү, кинорежиссер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз  менен «Улут уюткусунда» маектештик.

САДЫК ШЕР-НИЯЗ:

Бул жолу фестиваль дүйнөлүк аренага чыгып, бир тепкич жогору көтөрүлдү

— Бул коомдук жумуштун өзүнүн кыйын учурлары бар. Мисалы, чыгармачылык алда канча жеңил. Сиздин ышкыңыз, талантыңыз болсо, чыгарма жаратасыз дагы, ал өзү жашай баштайт. Ал эми, коомдук жумуш андан дагы бир топ чоң эмгекти талап кылып, бирок, көп учурда ал жумуш билинбей дагы калат. Азыр фестивалга дүйнөлүк кино жылдыздардын катышкандыгына байланыштуу коомчулук көңүл буруп жатат. Бирок, бул үч жылдык чоң эмгекти, чоң каражатты, чоң убакытты жана команданы топтоону талап кылган жумуш. АКШнын Лос-Анжелес шаары дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын катарына кирет. Ошондуктан, ал жерде дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараны уюштуруу абдан кымбат жана оор. Ошого карабай быйыл 3-жолу уюштурдук. Буга чейин Оскар академиясынын академиктери, «Алтын глобус» уюштурмасынын мүчөлөрү катышып келишсе, бул жолу дагы чындыгында дүйнө жүзүндө кино жылдыздардын башында турган адамдардын катышкандыгы фестивалды дүйнөлүк аренага алып чыгып, чоң тепкичке баш койду десек жаңылбайбыз.

Былтыркы жылы калыстардын арасында дүйнөгө даңаза болгон «Король сүйлөйт» деген фильмдин сценарийин жазып, «Оскар» сыйлыгын утуп алган Дэвид Сайдлер катышса, быйыл дагы дүйнөгө аты чыккан жылдыздар калыстар тобунда болду. Мисалга, түрк элинин мыкты актрисаларынын бири Туба Буйукустун, ошондой эле, кадимки «Монгол» фильминин режиссеру Сергей Бодров сыяктуу дүйнөгө аты чыккан адамдар калыстык кылышты.

Кинематографияны чындап өстүрөлү десек, биздин жасап аткан иштерди дүйнө жүзү көрүш керек, баа бериш керек

— «Айтыш» коомдук фонду маданияттын дээрлик бардык тармактарында иш алып барып келебиз. Анын ичинде кино тармагына дагы салым кошуу максатында 2006-жылы «Айтышфильм» киностудиясы түзүлүп, кыргыз кинематографиясын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгып, өзүнүн жакшы ойлору менен ушул тармакка кирген. Ал учурда кыргыз кинематографиясы кандай абалда болгондугу бардыгыбызга белгилүү. Андан берки 10 жыл ичинде бул жаатта эбегейсиз иштер жасалды. Ошолордун көпчүлүгүнүн башында «Айтыш» фонду турган. Ошол эле, «Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» фестивалы, башка кино ишмерлер менен чогу түптөгөн «Ак илбирс» кинопремиясы болобу, же жаш режиссерлорго жардам берүү жагынан болобу, жаңы технологиялар менен иштөө, тасмаларды заманбап шартта көрсөтө турган кинотеатрларды түзүү сыяктуу иштерди жасай алдык. Бирок, биз кээде өзүбүздүн гана чөлкөмдөн чыкпай ой жүгүрткөн учурлар кездешет. Эгерде, биз чынында кинематографияны өстүрө турган болсок, биздин жасап аткан иштерди дүйнө жүзү көрүш керек, уюштуруу иштериңизге, чыгармаңызга алар баа бериш керек.  Ошондуктан, мындай иштерди уюштуруу абзел. Менин оюмча бул фестиваль Кыргызстандын атынан чет жерде дүйнөлүк деңгээлде өтүп жаткан иш-чаралардын бараандуусу болуп саналат. Аны Лос-Анжелесте өткөрүүгө абдан чоң каражат жумшалат. Тактап айтканда, бул жолу өткөргөн фестивалдын бюджети 200 миң доллардан 500 миң долларга чейинки акчаны түздү. Келечекте бул миллион долларды чапчышы мүмкүн. Анткени, фестивалдын масштабы кеңейет, дүйнөлүк ММКлар  азыркы учурда көп көңүл буруп баштады. Биринчиден, мындай чоң каражатты Кыргызстанда табуу мүмкүн эмес, экинчиден, дүйнөлүк жылдыздарды Кыргызстанга чакырган күндө деле алардын келиши кыйыныраак, келсе дагы анын чыгымын көтөрүш керек болот. Ал эми, Лос-Анжелесте өткөрүүдө биз ал каражаттарды мойнубузга албайбыз. Быйыл гана «Айтыш» фонду кыргызстандык киночулардын жарым-жартылай каражатын көтөрүп берди жана фестивалдын алкагында Кыргыз киносунун күнүн уюштурдук. Мындан сырткары, Лос-Анжелес шаары дүйнөлүк кинематографисттердин Меккеси болуп калган. Ошондуктан, бул фестиваль жыл сайын ушул шаарда уюштурулат. Фестивалга дүйнө жүзүнөн «Оскар» сыйлыгына катышам деген тасмалар барат. Себеби, аларды Лос-Анжелестин коомчулугу, Оскар академиясынын, «Алтын глобус» уюшмасынын мүчөлөрү көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Анжелина Жолинин келиши менен ал жерде башка дүйнө жылдыздарынын аттары аталбай калды

— Алгач Азия фильмдеринин фестивалына Голливуд жылдызы Анжелина Жолинин келип калышы мүмкүн деген гана маалымат бар болчу, анын келээри эки күн мурда белгилүү болду. Бирок, биз муну алдын ала жарыялаган жокпуз. Себеби, биздин коомдо бир нерсени эрте айтуу кыйын болуп калды. Маалыматты тескери жакка буруп жиберишет. Ал киши өтө жөнөкөй экен, Азиядан барган кино ишмерлер менен таанышайын деген ою бар экен. Бизден Актан Арым Кубат, Мурат Алиев сыяктуу мыкты, дасыккан кинематографисттер барган жана башка өлкөлөрдөн келген 30га жакын кино ишмерлер менен жолугуп, таанышты. Кинолорду көргөндөн кийин көрүүчүлөрдүн дагы суроолоруна жооп берип, баш-аягы 2-3 сааттай болду. Биз учурдан пайдаланып Кыргызстандын маданий брендине айланып калган Көчмөндөр оюндарына чакырып, астейдил сунуш кылып айттык. «Ойлонуп көрөбүз» деген жооп алдык, эгер, кадыр-көңүл жарашса, кийин аны чечишип алсак дагы болот. Чындыгында Анжелина Жолинин фестивалга катышканы абдан чоң жаңылык болду, фестивалдын мындан аркы өнүгүшүнө дагы чоң салым болот. Анын келиши менен ал жерде башка дүйнө жылдыздарынын аттары аталбай калды. Болбосо, дүйнөгө белгилүү «Пинин өмүрү» деп аталган тасманын башкы продюссери Жил Неттер, ошол эле Дэвид Сайдлер жана башка «Оскар» сыйлыгынын ээлери келишти. Фестивалда кыргыз кинолору анын ичинде негизги конкурска катышкан «Кентавр» тасмасы абдан жакшы кабыл алынды. Ал эми, «Саякбай» тасмасы тууралуу андан мурун эле ойлор жакшы болчу. Негизи эле фестивалда башкалардан кыргыз кино ишмерлеринин чеберчилиги ташка тамга баскандай көрүнүп турду.

Бул жакшы идея болгон үчүн, америкалыктар бекер иштеп жатышат

— Негизи жакшы табылган идея өзгөрүүлөргө муктаж эмес. Салттуу болуп калыптанып калган нерселер эч өзгөрбөйт. Мисалга, «Оскар» сыйлыгын тапшыруу жыл сайын бир жерде, бир сценарий менен өтөт. Бул фестивалды өткөрүү башынан эң мыкты идея болгон, ошон үчүн америкалык 30га жакын адам буга бекер иштеп жатат. Аларга маяна берүүгө менин күчүм дагы, акчам дагы жетпейт. Менин баалаганым – алар жакшы идея болсо, сен англис тилин билесиңби, билбейсиңби, акцент менен сүйлөйсүңбү, ким экениңе карабай иштешет экен. Ошол эле учурда мени «ушул идеянын автору» деп мактап, сөз берип жатышат. Буга ыраазычылык гана айтышыбыз керек.

Кыргыз кинолору жасалмалуулугу жоктугу менен айырмаланды

Фестивалда кыргыз кинолорунун бардыгы жакшы ой-пикирлерди жаратты. Актан Арым Кубаттын «Кентавр» фильми «Эң мыкты эркектин ролу» наминациясы боюнча «Ак илбирс» сыйлыгын алып келди. Ал эми, Мурат Алиев Азия фильмдеринин бүткүл дүйнөлүк фестивалына кошкон салымы үчүн «Ак илбирс» менен сыйланды. Анда биздин кинолор башкалардан жасалмалуулугу жоктугу, эч кооздолбогон, жөнөкөй жашоо-турмушту чагылдырып, эч кандай пафосу жок тартылганы, актерлордун жөнөкөй ойногону менен айырмаланып турду. Мисалга, коңшу мамлекеттер киного олчойгон каражаттарды бөлүп, бирок, анын жыйынтыгы көрүнбөй калган учурлар бар. Ага караганда кыргыз кино ишмерлери болбогон каражаттарга шедеврлерди жаратып жатышат.

Кыргыз кинематографиясы эл ичинде ишеним жарата алды 

Аталган фестивалдын океандын ары жагында өтүүсү биздин кинематография тармагына ишеним жагынан көбүрөөк салым кошо алат. Себеби, ар бир эле нерсеге, ишке ишеним керек. Биз эл арасында кыргыз кинематографиясы өсөт деген ишеним жарата алдык. Азыр «бизде төкмө акындар жок» десе эл ишенбейт да. Ошол сыяктуу Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Мирлан Абдыкалыков, Асель Жураева, Акжол Бекболотов, Айбек Дайырбеков, Дальмира Тилепбергенова жана башка киночуларыбыз чоң ишенимди жарата алды. Ишеним болгон жерде сөзсүз жылыш болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *