Шашылыш кабар:

Орусия Тереза Мейдин айыптоосуна жооп кайтарды

Ноябрь 15, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
32

Англия өкмөтү өлкөсүндөгү кырдаалдан коомчулуктун көңүлүн башка нерсеге буруу максатында Орусияны тышкы душман катары көрсөтүп жатат. Мындай пикирди Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматкери Мария Захарова билдирди.

Анын айтымында, министрлик бул тууралуу Британия премьер- министрине жазуу түрүндө жооп кайтарды. Катта Мейдин Орусиянын жоопкерчиликсиз мамилеси тууралуу сөз четке кагылат. Ошону менен катар, Британия, Ирак жана Ливиянын эл аралык укукка дал келбеген агрессивдүү кадамдары тууралуу эскерилген.

Захарованын пикиринде, Британия өкмөтү ЕБдин курамынан чыгууга байланыштуу коомчулуктун көңүл чордонунда турат. Бул көңүлдү Орусияга буруу үчүн аталган билдирүүнү ойлоп тапкан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *