Шашылыш кабар:

Төрөбаев Алмазбек Атамбаевге: Сиз бизди бышырдыңыз

Ноябрь 15, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
124

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VI отурумунда сөз алган парламенттеги «Өнүгүү-Прогесс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди.

«Сиз (ред: А.Атамбаев) Кыргызстандын өнүгүүсүнө чоң салым коштуңуз. Сизге терең ыраазычылык билдиребиз. Бизди анча-мынча сындадыңыз. Бизди дагы бышырдыңыз дегендей. Ошондуктан ар ким президент боло албайт», — деген депутат Төрөбаев 15-октябрда өткөн президенттик шайлоого жогорку баасын берди.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев Төрөбаевдин мактоосуна карата «дары болсун» деген жооп кайтарды.

Бакыт Төрөбаев парламенттеги оппозициялык «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери. Ал президенттик шайлоодо «Республика-Ата Журт» фракциясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов менен тандем түзүп, шайлоого катышкан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *