Шашылыш кабар:

Орусиянын Хабаровск аймагында кичи учак кулады

Ноябрь 15, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
34

Орусиянын Хабаровск аймагында кичи учак кулады. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 8 адам каза болду. Бул тууралуу аймактык администрация жетекчиси Алексей Ивлиев билдирди.

Анын айтымында, борттогу жүргүнчүллөрдүн арасынан 4 жашар бир бала гана аман калды. Учак «Хабаровск авиа каттамынына» таандык болгон L-410 учагы Хабаровск Нелькан маршруту менен бара жаткан.

Нелькан айылынын башчысы  Наталья Петухова каза болгондордун баардыгы жергиликтүү тургундар экенин маалымдады. Анын айтымында учакта эки учкуч жана 7 жүргүнчү болгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *