Шашылыш кабар:

Алмазбек Атамбаев парламентти таркатуу боюнча оюн айтты

Ноябрь 15, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
870

«Эгер парламент өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол боло турган болсо анда андай парламенттин бизге кереги жок». Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VI отурумунда билдирди.

Өлкө башчысы энергетикалык блокададан кийин Кыргызстан толук энергетикалык көз карандысыздыкка жетишкендигин, бул тармактагы жана жол куруу долбоорлору келекчектүү багыт экенин белгилеп буларга токтолду.

«Биз эмнеге жол салууга насыя алып жатабыз деп кыйкырган Жогорку Кеңештин Зиядин Жамалдиновдой болгон депутаттары бул Кыргызстандын душманы. Эгер алар бул маселени азыраак көтөргөндө анда өкмөт насыя алып жолдор дагы болот эле. Алтернативдүү рынок дагы болмок. Парламентте кыйкыргандардын үнүн укпай темир жолун куруш үчүн Кытайдан дагы насыя алуу зарыл».

Алмазбек Атамбаев ошондой эле алтернативдүү жолдор курулуп жатканын айтып, Өзбекстан менен биргеликте насыя алып темир жол долбоорун эртерээк ишке ашыруу керектигин билдирди.

Буга чейин коомчулукта парламент мөөнөтүнөн мурун таркайт деген маалыматтар тараган. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул маалыматты четке кагышкан эле. Президент өткөн жылы өзү дагы Жогорку Кеңешти таратууга негиз жок экенин айтып, бул чакырылыш мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керектигин айткан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *