Шашылыш кабар:

А. Атамбаев: Казакстан Кыргызстанды ЕАЭБден четтетти

Ноябрь 15, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
367

Казакстандын жетекчилигинин каалоосу менен Кыргызстан бир айдан ашык убакыттан бери Евроазия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерден бөлүнүп калды. Бул пикирди президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан мунай заты, газы жана башка кен байлыктары бар мамлекеттерге караганда акыркы финансы кризисине туруштук берди. Анткени, Кыргызстан валютасынынын туруктуулугун сактап, ички дүң продукциянын кескин төмөндөп кетүүсүнө жол бербегенин айтты.

Ошондой эле, бизнестин өнүгүүсү үчүн чоң рынок керектигин эске алуу менен ЕАЭБдин курамына киргенибизди белгилеп, андан чыгууну көздөбөй турганын билдирди.

Буга кошумчалай, коңшу Казакстандын чек араны жабуусу Кыргызстанды ЕАЭБден четтетип койгонуна токтолуп, буга Казакстан жетекчилигин айыптады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *