Шашылыш кабар:

Зимбабве аскерлери мамлекеттик телеканалды басып алышты

Ноябрь 15, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
35

Зимбабведе аскерлер мамлекеттик  телеканалдын имаратын басып алганы маалымдалды.

Телеканалдан аскер кийимчен адам чыгып, президент жана анын үй-бүлөсүнүн коопсуз жайда экендигин айткан. Ошону менен катар, аскерлердин бул аракеттери мамлекеттик төңкөрүш эместигин  билдирип, уюшкан кылмышкерлер менен күрөшүү деп атады.

Би-Би-Си кабарлагандай, Харареде жардыруулардын добушу угулуп, анын себептери айтыла элек. Буга чейин Түштүк Африкадагы Зимбабвенин элчиси өз өлкөсүндөгү төңкөрүш тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Президент Роберт Мугабе өзүнүн орун басарын иштен алгандан кийин армиянын башкы командачысы, генерал Константино Чивенга буга нааразылык билдирип чыккан. Ал гана эмес, аскерлердин саясатка кийлигишүүсү мүмкүндүгүн эскерткен. Андан көп өтпөй эле Хараре шаарында аскер техникалары пайда болгону айтылууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *