Шашылыш кабар:

Жапония Түндүк Кореядагы адам укуктары тууралуу резолюцияны колдоду

Ноябрь 15, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
31

Жапония БУУнун үчүнчү комитетинин Түндүк Кореядагы адам укуктары  тууралуу резолюциясын жактырды. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Таро Коно билдирди.

Резолюция Түндүк Кореядагы уюштурулган жана абдан жайылган түрдө адамдардын укук бузууларын сынга алып, бул аракеттерди токтотууну талап кылат. Ошондой эле, резолюция Түндүк Кореядагы чет элдик жарандарга карата кыйноолор, мыйзам ченемдүү процедуралар жасалбастан адамдардын өлүм жазасына тартылуусу, адамдардын уурдалуусу жана себепсиз кармалуусуна кооптонуу болгонун билдирет.

Аталган резолюцияны 61 мамлекет колдогон, аны кабыл алууга Түндүк Корея, Орусия, Сирия, Венесуэлла жана Кытай мамлекеттери катышкан эмес. Эми бул документ БУУнун пленардык жыйынында, декабрь айында каралмакчы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *