Шашылыш кабар:

«Коопсуз шаар» коомчулукту кооптондурууда

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Канай Анаркулов
27

Өкмөт “Коопсуз шаар” долбоору 30-ноябрга чейин ишке кирсин деген тапшырма койду. Бүгүнкү күнү Ички иштер министрлиги бул кадамдарга барганга  даяр. Бул тууралуу министрликтин жол коопсуздугун көзөмөлдөө  борборунун башчысы Талант Сыдыков «Маралга» берген маегинде билдирди. Анын айтымында, мекемеде атайын жол көзөмөлдөө борбору ачылган. Пилоттук долбоордун алкагында бир жыл мониторинг жүргүзүп даярдыктан толук өткөн. Эми долбоорду толук ишке ашыруу үчүн өкмөттүн 453-токтомуна ылайык, жергиликтүү бийликтер жабдууларды өз каражатына орнотушу керек. Ошондуктан, каражат маселеси чечилиши зарылдыгын инспектор белгиледи.

— Жергиликтүү бийликтин каражатынан баары көз каранды. Анан  жол эрежесин бузуудан түшкөн каражаттын 50 пайызы жергиликтүү бийликке түшөт. Кырк пайызы республикалык бюджетке, калган он пайызы ички иштер министрилиге которулат. Ал  эми аппараттык программалык комплекстер  биз бекитип берген көчөлөргө орнотулат. Бул жаатта аппараттарды туурасын тандоо үчүн биз техникалык мүнөздөмө беребиз.  

Аны менен катар жалпы Бишкек шаары боюнча 190 видеофиксация орнотула турган  жер аныкталса, Ош шаарына 128 кесилиш белгиленген. Ошондуктан каражатка ылайык, бул иштер этап-этабы менен жасаларын Сыдыков кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов,  коопсуз шаар долбоорунан мурун жолдордун инфраструктурасын жакшыртып, андан соң үлгүрөлү деген шылтоо менен сапатсыз жабдууларды орнотуудан сактаныш керектигин билдирди.

-Алгач жолдордогу жол белгилерин, сызыктарды жөнгө салыш керек.  Анан камера орнотууда шашып бүтүрүп койбой, сапаттуу, ошончо каражат кеткен соң, жакшы кызмат кыла турган жабдууларды орнотушубуз зарыл.

Ал эми «Сорос-Кыргызстан» фондунун «Маалыматтын эркиндиги» программасынын менеджери  Лира Самыкбаева, мындай долбоорлор дүйнө жүзүндө ишке ашып, ал өзүн актап келе жатканын билдирди. Ошондуктан, шылтоолорго курчалбай муну тез арада киргизүү керек.

— Аны менен кошо камераларды орнотуудан мурун автоунааларды өз ээсине каттатуу маселесин чечиш керектигин айткым келет. Себеби, айып пул автоунаа катталган адамга барат эмеспи. А бизде бул маселе кандай абалда экенин билесиздер. Анан уюштуруу жана аткаруу иштерин жеке компанияларга тапшырса жакшы болот. Алар коррупциядан алыс болууга шарт түзүп бере алат деп ойлойм.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматкери Мелис Эржигитов болсо, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы автоунаалардын ээсин табуу өтө кыйынга тураарын айтып, бул көйгөйдү чечүүгө мыйзам жок экенин билдирди. Ошондуктан, жарандарга кайрылуу, өтүнүчтөр гана айтылып келе жатканын айтты.

Кошумчалай кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору бир катар соттошуулар менен коштолуп, ишке ашпай келе жаткан. Өкмөт муну “Таза коом” долбоорунун алкагында “Акылдуу шаар” деген бөлүм менен ишке киргизмей болгон. Аны жергиликтүү бийлик каржылап, айып пулдардан түшкөн каражаттан чыгымын калыбына келтиришмек. Парламенттин 9-ноябрдагы жалпы жыйынында, депутаттар ансыз да миллиондогон каражаттар оюн-зоок башка иштерге кетип жатканда, коопсуздуктан аябайлы деген сунуш киргизип, бюджеттен акча бөлүүнү сунушташкан. Бул маселе  учурда каралууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *