Шашылыш кабар:

Ж. Давлетбеков: “”Казакстандын буудай, ундары тоскоолдуксуз эле кирүүдө”

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Канай Анаркулов
38

Өткөн жумада Казакстан Кыргызстандагы сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган бир нече компаниянын продукцияларын өлкөгө киргизүүгө чектөө койду. Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдиргенин бир катар жергиликтүү басылмалар кабарлады. Ошондой эле ал жактан Кыргызстанга кирген ун жана буудайлар да бир топ тоскоолдуктар менен келип жатканын ишкерлер айтышууда. Мына ушул теманын алкагында, Бишкек ун комбинатынын аткаруучу директору Жумгал  Давлетбеков менен маектештик.

Азыр бул тармакта абал кандай болуп турат?

Азыркы күндө чоң тоскоолдуктарды байкай алган жокпуз. Болгону бул жылы Казакстан менен Орусиядагы мол түшүмгө байланыштуу вагондо чектелип калды. Бизге атайын ун буудай ташый турган вагондо келет. Мына ошолор тартыш болуп, мөөнөтүнөн гана кеч калган учурлар катталууда.

Азыр Казакстан бир катар чектөөлөрдү киргизип жатпайбы. Бул көрүнүш улана берсе, ун, буудайга таңкысытык же башка оор кырдаалдар жаралбайбы?

-Азыр Кыргызстанда чыккан сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган бир нече компаниянын продукцияларын Казакстанга киргизүүгө чектөө коюлуп жатпайбы. Буудай  маселесине келгенде, бизде андай көйгөй жок. Андыктан, коңшу тараптан буудай келе берсе, биз ун чыгара беребиз. Азыр биздин ишкерлер тоскоолдуксуз эле иштеп жатышат. Бизге бир гана көйгөй, кошумча нарк салыгы боюнча жеңилдиктер алынып калынса жаралат. Анда автоматтык түрдө биздин продукциябыз 12%га кымбаттайт.

Бирок, базарда Казакстандан келген ундун баасы көтөрүлүп, сатуучулар алып келүү кыйындаганын айтышууда.

-Казакстандын уну деле биздин базарда тартыштыгы көрүнгөн жок. Себеби чоң жүк ташуучу эмес, жеңилирээек автоунаалар менен эле биздин ишкерлер ташып келишүүдө. Менимче, базардагы сатуучулар эле чуу көтөрүп, ортодон пайда көрүп калайын деп, азыркы абалдан колдонуп жатышат. Анткени биз кыйынчылыктарды көргөн жокпуз. Тескерисинче ундун баасы бир азга түштү.

Кокус алдыда көйгөйлөр жаралса, биздин мамлекет ага туруштук бере алабы?

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик резервдер фондунда бир топ эле запас бар. Таңкыстык жок. Бирок, коңшу тарап бир күндүн ичинде чек араны жабып, бүгүнкүдөй абалга келдик. Андыктан, ишенич жок. Ошон үчүн мамилени оорлоштурбай, тескерисинче жакшыртууга аракет кылышыбыз керек.

Маегиңизге рахмат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *