Шашылыш кабар:

Кыргызстанда эл аралык авиакомпаниялар бир жактуу учуп калышы мүмкүн

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
39

Дүйнөдөгү алдынкы өлкөлөрдүн учактары Кыргызстан аркылуу  жер планетасынын каалаган бурчуна  учуп, кайра өз өлкөсүнө кайтууга уруксат берүү сунушталууда. Бул Кыргызстан аркылуу аба жолдору менен көп каттамдарды ачууга өбөлгө болоору айтылып жатат.

Ачык асман эр аралык деңгээлдеги кабыл алынган термин. Бирок юридикалык тил менен аба эркиндигинин баскычтары деп айтылат. Эл аралык практикада 1944-жылы Чикаго келишимине дүйнөнүн 52 мамлекети кол койгон. Былтыркы жылдын 7-декабрындагы соңку маалыматта алардын саны 160га жеткени айтылат. Бул келишимде аба жолдору аркылуу эркин учуунун 9 баскычы камтылган.  Алдыңкы эки баскычта тап такыр жабык мамлекеттер кирген. Кыргызстан азыркы тапта үчүнчү менен төртүнчү  баскычтын ортосунда турат. Мында эки мамлекет  приаритеттүү негизде гана мамилелер менен учууларды жүргүзөт. Тагыраагы эки өлкө жергиликтүү компанияларын бири-бирине учактарын бирдей көлөмдө учурууга укуктуу.  Экинчиден Кыргызстан транзитке уруксат берген. Бирок ташылып келе жаткан товар өлкөгө түшүрүлбөйт жана толукталбайт. Ошону менен жүргүнчүлөрдү дагы алып келе албайт. Эми мындай төртүнчү баскычты бешинчи баскычка көтөрүү же эл аралык авиакомпанияларга бир жактуу учууга  уруксат берүү демилгеси көтөрүлдү.  Мында экинчи өлкөдөн транзит болуп келет. Кыргызстанга  жүргүнчү алып келет жана үчүнчү өлкөгө учуп кете алат. Бул Кыргызстандагы каттамдардын ачылуусуна жол ачаарын Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев айтты.

Бешинчи баскычка өтүү менен дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер менен… Көбүнчө жер шаарынын чыгыш тарабындагы мамлекеттерге бир жактуу уруксат беребиз. Алардын учактары биз аркылуу Европа баштаган каалаган өлкөгө уча алышат. Кайра эле биз аркылуу өз мамлекеттериндеги аэропортторго уча тургандай кылып. Анткени бул биздеги каттамдарды кеңейтүүгө жол ачат.

Бул демилгени жергиликтүү авиакомпаниялар колдобой келет. Бирден-бир себеби адыңкы авиакомпанияларга  атамекендик авикомпаниялар атаандаша албайт деген чочулоо бар.   Ошондуктан авиация агенттигине бир канча талап дагы коюлууда. «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов алгачкы кадамдар Европага бир тараптуу  келишим  аркылуу киргизилиши керек дейт.  Болбосо  бүгүнкү күнү каттап жаткан Орусия менен Түркиянын эл аралык авиакомпаниялары жергиликтүүлөрдү  жок кылуусу мүмкүн деген пикирде.

Ачык асман саясаты боюнча биз сунуш киргизгенбиз. Анда ачык асман саясаты Европа өлкөлөрүн киргизүүнү айтканбыз. Биринчи ошол кириши керек. Болбосо бүгүнкү күнү каттап жаткан «Аэрофлот» «Түрк аба жолдору» биздин каттамдарды толук ээлеп, жергиликтүү авикомпанияларды жок кылышы мүмкүн. Мындан баасы да арзандабайт жана жаңы каттамдар деле ачылбай калышы мүмкүн.

Жергиликтүү авикомпаниялардын мындай каршы чыгуусун  бирден бир себеби  авиация агенттик баш болгон бир канча жергиликтүү авикомпаниянын кара тизмеде турганын ЖИА Бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов айтат. Ал үчүн  үч маселени «Маралга» билдирди. Негизгиси катары Жарандык авиация агенттигин транспорт министрлигинен бөлүүгө чакырды.  Бул багытта өкмөт тараптан иш активдүү иш алып барылса, жыл аягына чейин Кыргызстанды кара тизмеден чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгү бар деди,ал.

Чечүү жолдору биринчиден Жарандык авиация агенттигинин структурасын өзгөртүү керек. Транспорт министрлигинен чыгаруу зарыл. Экинчи мыйзамдарды оңдоо жагы. Анан албетте эң чоң көйгөй  квалификациясы жогору кызматкерлер. Аларды таап келүү үчүн эң жогорку маянаны коюшубуз керек.

Мунун натыйжасында коррупциялык иштерди алдын алып,  жарандардын чөнтөгүнө жылына орточо  эсеп менен 20-60 млн долларга чейин үнөмдөө болооруна токтолду.

Бул аракеттер менен Кыргызстан жарандардын сыртка чыгуусуна жол берет. Бүгүнкү күнү көрүнүп тургандай жылына канча  жүз миң киши Алматы аркылуу учуп жатат. Орточо эсептей келсек бир кишинин Алматы аркылуу учуусуна 100 доллар кетет. Ошондо жылына 20-60миллион ортодо жоготуп жатабы. Мындан тышкары аэропортко түшкөн каражаттын эсеби өсөт.

Аба эркиндигинин бешинчи баскычына өтүү бул бүт өлкөгө эшигин ачуу деп саналбай турганын жарандык авиация агенттиги айтууда. Учурда өкмөттүн токтому даярдалып бүтүп, министрликтерге жөнөтүлдү.

Эми жыл аягына чейин ишке ашып калуу  мүмкүндүгүн  айтылууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *