Шашылыш кабар:

ДСУ кыргыз-казак чек арасы боюнча консультациялык кеңеш бере алат

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
21

Дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгы Кыргызстанга тийиштүү консультациялык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошону менен катар, уюмдун түрдүү аспектилерин үйрөтүү боюнча министрликтердеги кызматкерлерди окутуу белгиленди.

Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдун Дүйнөлүк соода уюмунун башкы директорунун орун басары Ю. Сяочжун менен Женевада жолугушуусунда белгилүү болду.

Сазбаков, Женевага кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча маселени талкуулоо үчүн барган. Ал жолугушууда жагдай тууралуу бардык маалыматтарды айтып, көрсөтүлө турчу колдоо үчүн ыраазычылк билдирди.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *