Шашылыш кабар:

Футбол: Кыргызстан Макаону жеңип алды

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
65

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2019-жылдагы Азия Кубогуна тандап алуу турунда экинчи жеңишин камсыздады.

Кыргызстандын футболчулары 14-ноябрда А тайпасында Макао командасына каршы конокто ойноп 3:4 эсебинде утуп алды.

Оюндун биринчи таймында Кыргызстандын улуттук курама командасы каршылаштарынын дарбазасына 2 гол киргизгенге жетишти. Алгач Азамат Байматов иштеп тапкан 11 метрлик айыптан Антон Землянухин 1-голду жаратты. Андан соң биринчи таймдын соңунда кыргыз спортчулары эсепти 2:0гө жеткиришти.

Экинчи таймда Антон Землянухин өз атына экинчи голду жазып, ал эми Кыргызстандын голун үчкө жеткирди. Экинчи таймдын 73 мүнөтүндө талаа ээлери Кыргызстандын дарбазасына 1 голду киргизишти. Андан 10 мүнөт өткөн соң Валерий Кашубанын дарбазасына 11 метрлик айып коюлуп Макао курамасы аны ишке ашырып эсеп 2:3 гө айланды.

Оюндун аягында Мирлан Мурзаев каршылаштардын дарбазасына дагы бир гол багыттаса Макао ага жооп катары Кыргызстанга да бир голду киргизип эсеп 3:4 болуп Кыргызстан курамасы Макаону утуп алды.

Кыргыз футболчуларынын бул жеңиши менен Кыргызстан 7 упай топтоп турнирдик таблицада экинчи катарга жазыла алды. Тандап алуу турларынын жыйынтыгы кататры 2018-жылдын март айында Кыргызстан Индия командасы менен Бишкекте беттешет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *