Шашылыш кабар:

Кызыл дипломду жокко чыгаруу канчалык негиздүү?

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
73

Жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелери 2012-жылдан бери эки баскычтуу системанын негизинде, кредиттик технология менен иштеп келет. Буга байланыштуу баалоо системалары өзгөрүп, эл аралык стандарттарга төп келген тамгалык баалоо киргизилген. Аны менен «студенттин орточо баасы» деген түшүнүк пайда болгон. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков кабарлады. Анын айтымында, эски система менен бааланганда, студенттин окуудагы жетишкендиги так аныкталбайт. Ошондуктан эл аралык билим берүү системасына кошулуу үчүн , кызыл дипломдорду берүүнү токтотуу зарыл.

-Биринчи максат, эл аралык деңгээлге чыгуу. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн дипломундагы бааларды башка өлкөлөр тааныбайт. Кыргызстанда деле кызыл дипломго ээ эки киши жумуш берүүчүгө барса, кайсы бири жакшы экени айырмаланбайт. Эми, иш берүүчүлөргө айырмалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Экинчиден, көп студенттер жалаң бешке окушум керек деп, баанын артынан чуркашат. Аны менен негативдүү көрүнүштөргө, паракорчулукка да жол ачылып калууда. Эл аралык билим берүү системасына кошулгубуз келсе, кызыл дипломдорду берүүнү токтотушубуз зарыл.

Билим берүү боюнча адис Кеңешбек Сайназаров жогорку окуу жайды аяктаган студенттерге кызыл диплом берүүнү колдобойт. Аты эле болбосо, айрым артыкчылык менен бүтүргөн окуучулардын колунан жарытаарлык иш келбей жатканын айтып, башка өлкөлөрдүн тажырыйбасы менен салыштырып өттү.

-Бүгүнкү күндөгү шартка байланыштуу кызыл же көк дипломдун айырмасы эмнеде экени түшүнүксүз. Кээде кызыл диплом ээлери келет. Кадимки практикант жасаган жумушту да аткара албагандар бар. Андай кызыл димлом менен бүтүргөн бүтүрүүчүнүн эмне кереги бар. Мисалы, башка өлкөлөрдүн тажырыйбасын алып карасак, артыкчылык диплому менен бүтүргөндөр өзгөчө талантка ээ. А, бизде андай эмес.

Деген менен Кыргыз Архитектура курулуш институн кызыл диплом менен бүтүргөн Жайнак Абдыраев, бул жетишкендиги жумушка орношууда чоң жардам бергенин билдирет. Анын айтымында, кызыл диплом студенттерге дем күч берет. Андыктан, аны жоюунун зарылдыгы жок.

-Азыркы убакта өзүмдүн кесибим менен курулуш тармагында иштеп жүрөм. Кызыл диплом менен аяктагандыктан, жумушка алууда жеңилдик болгон. Иштеп көнүү да оңой болот экен.

Жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө алардын билимин аныктаган дипломдун түсү маанилүү эмес. Дипломдуу адис жумушка орношууга кызыктар. Ал эми, жумуш берүүчү тарап дипломдун кандай экенине маани бербейт. Дипломдун эмес, адистин артыкчылыгына көп көңүл бурулат. Мындай пикирин айткан билим берүү тармагынын адиси Куштарбек Кимсанов, кызыл дипломдун кадырын көтөрүш керек дейт

— Азыр кандай диплом менен келгениң мааниге ээ эмес. Жумушка орношууда артыкчылык дипломдун пайдасы тийсе мейли эле. Кызыл дипломдун артыкчылыктарын аныктап койсок жашкы болмок. Мисалы, “кызыл диплом ээлери мамлекеттик кызматтын жөнөкөй тепкичтерине конкурссуз ишке алынат” деп айтылганда, артыкчылык диплому пайдалуу болмок. Кызыл дипломдун кадырын көтөрүш керек.

Ал эми, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин академиялык иштер боюнча проректору Мирлан Чыныбаев, кызыл дипломдордун берилиши окуучуларга дем күч берээрин айтат.

-Кызыл дипломдорду калтырыш керек. Анткени, студенттерге өзүнчө стимул болот. Айтсак, 4 албай, жалаң бешке окуганы аракет кылат. Кызыл диплом келечегине деле жардам берет.

Айта кетсек, былтыр Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 1600 бүтүрүүчүдөн 71 студент кызыл диплом алган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *