Шашылыш кабар:

Кант диабети жашарууда

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
26

14-ноябрь Бүткүл дунөлүк кант диабет күнү. Бул күндү утурлай борбор калаада жарандардын канындагы канттын даражасын билип, кан басымын акысыз өлчөп берүү иш-чарасы өттү. Анда медициналык кеңештер менен катар шаардыктар диабет күнүнө карата жөө жүрүш жасап, бейтаптар менен ыктыярчылар флеш моб өткөрүштү. Биз иш-чарадагы маанай менен кошо бүгүнкү күндө кант диабетинин өсүү көрсөтүчү, анын себептерин адистерден сурап келдик.


Эрнис, кант диабетине чалдыккандыгын быйыл октябрь айында билген. Буга чейин суусаганда күндүн ысыгына байланыштуу болсо керек деп, текшерилип көрүнгөн эмес. Бирок белгилери көбүрөөк байкала баштаганда текшертсе, канында канттын даражасы жогору чыккан.

-Мен көп суусайт элем. Бирок бул күндүн ысыгынан го деп, көңүл бурчу да эмесмин. Көп белгилери байкала баштаганда быйыл октябрь айында текшертип көрдүм эле 11 деп чыкты. Андан кийин диета кармап, дары ичип, дайыма көзөмөлдө жүрөм.

Эрнис сыяктуу кант диабети күнүнө карата уюштурулуп жактан иш чарага жүздөгөн киши катышты. Анда канын текшертүү менен бирге кан басымын өлчөө кызматы да көрсөтүлдү. Анткени кант диабетине чалдыккан киши кан басымын дайыма өлчөп, бир калыпта сактап туруусу абзел. Антпесе оору өөрчүп, башка дартка себеп болот. Дарыгер эндокринолог Назгүл Өмүракунованын айтымында көпчүлүк жарандар өзүнүн кан басымынын жогору экенин биле бербейт. Мындай бейтаптар бүгүнкү текшерүүдө да катталган.

-Көпчүлүгү кан басымы жогору экенин билишпейт. Бүгүн эле эки кишинин кан басымы аябай жогору экенин аныктадык. Бирок мурда текшертип көрүшкөн эмес. Ошондуктан, мындай иш-чаралар аларды эрте аныктоого жардам берет деп ойлойбуз. Айрыкча кант диабети бар адамдар өзгөчө көзөмөлдөп туруусу абзел. Нормадан ашырбаш керек. 140-80ден жогору болсо кооптуу. Анткени башка ооруларга себеп болот. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда кант диабети боюнча расмий түрдө 54 миңден ашык киши катталган. Биринчи типтеги кант диабети боюнча 3 миңдей бала, калган 95% экинчи типтеги кант диабетине чалдыккандар түзөт. Болжол менен жыл сайын 5 миң киши бул ооруга чалдыгат. Инсулинге муктаж түрү менен көпчүлүк учурда балдар, экинчи түрү менен  улуу муун жабыркап келсе, акыркы мезгилде экинчи тиби менен жабыркаган жаш балдардын да саны көбөйгөндүгүн дарыгерлер айтышат. Демек диабет оорусу жашарууда дейт Хелп Эйдж уюмунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Нурдин Сатаров.

-Азыр балдардын көпчүлүгү таттуу суусундуктарды ичишет. Маселен, фанта, кола сыяктуу суусундуктар. Ага кошумча бат даярдалчу тамактарды көп жешет. Бул бара-бара балдардын канындагы канттардын көрсөткүчүн жогорулатат. Мындайлар көп кездеше баштады.

Дарыгерлер эскертип өткөндөй, кант диабетинини эң чоң себеби туура эмес тамактанууга, ашыкча салмак кошууга  байланыштуу. Аны өз убагында дарылап, алдын албаса, көздүн көрбөй калуусуна, бөйрөктүн иштен чыгышына алып келет. Анткени гемодиализге байланган бейтаптардын 50% кант диабети барлар тузөт. Негизги кандын составындагы канттын нормасы 4 — 4.5 м.моль литр болушу керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *