Шашылыш кабар:

Кыргызстан тамак-аш коопсуздугу боюнча мыкты деп табылды

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
28

Кыргызстан тамак-аш коопсуздугу боюнча 60 өлкөнүн ичинен мыкты деп табылды. Анын ичинен эң негизги приоритеттүү багыты катары байытылган ун боюнча мыйзамдын иштеши, элдин саламаттыгынын көрсөткүчү, көп тармактуу платформонун аракеттери бааланган. Бирок ага карабай бүгүнкү күндө дагы ишке ашыруу керек болгон маселелер бар экендигин адистер белгилешет. Анткени коомчулукта нан-чай менен чектелген тамактануу түшүнүгү дагы деле бар экендигин айтышат.


Кыргызстан тамак-аш коопсуздугун сактоо боюнча дүйнөдө мыкты деп табылды. Мындай бааны дүйнөлүк SUN кыймылы берди. Маалыматка ылайык, аталган дүйнөлүк кыймылга Кыргызстан 2011-жылы кошулган. Эки жылдан бери Кыргызстан глобалдык курултайларында активдүү катышып келет. Бул жылы 7-9-ноябрда Абиджанда өткөн конференцияда көрсөткөн жыйынтыктары боюнча Кыргызстан чемпион деп табылып, сыйлык ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаевга тапшырылды. Мындай ийгиликке жетүүнүн сырын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев буларга байланыштырат.

-Кыргызстан ушул убакыттын ичинде көп тармактуу платформа түзүп иштей алды. Ага депутаттардан тартып, министрликтерден өкүлдөр, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык коом кирди. Натыйжада ар тармактын өкүлдөрү менен иштер жасалды.

Мындан улам көп тармактуу платформанын түзүлгөн күнүнөн тартып, тамак-аш коопсуздугун сактоодогу айрым мыйзамдардын кабыл алынып, аны ишке ашыруу оңойлошконун жарышыпайт. Эң негизгиси  2017-жылдын июнь айында байытылган ун боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилге колдоо тапкандан кийин, жыйынтык чыга баштаган. Натыйжада 2017-жылга карата Кыргызстанда өндүрүлгөн унду байытуу көрсөткүчү 51 пайызды түзгөн. Мунун негизинде жаш балдар арасында анемия оорусунун көрсөткүчү азайган. Анткени байытылбаган ун же витаминге бай болбогон азык менен баланы багуу анын ден соолугуна терс таасирин тийгизет дейт эл өкүлү Осмонбек Артыкбаев.

Балдардын анемия көрсөткүчү азайды. Мурда бул дарттын көрсөткүчү балдар арасында 40% болсо, азыр 26% га түштү. Эми бул 26%ды да жок кылуу тапшырмасы турат. Анткени темирдин жетишсиздиги баланын өнүгүүсүндө терс таасирин тийгизет.

Мыйзамдарды кабыл алып, ишке ашырууда коомчулуктун аракети да маанилүү экендигин тамак-аш коопсуздугу жана туура тамактанууну жакшыртуу жарандык бирикмесинин өкүлү Гульмира Кожобергенова айтат. Анткени ун боюнча мыйзамдын кабыл алынып, тамак-аш коопсуздугу сакталат деп үмүт кылынганы менен, бүгүнкү күнгө чейин тамактанууну чай, нан менен чектеген түшүнүктөн коом арыла электигин айтат.

Бизде акча болуп турса да, чай жана нан менен курсак тоет деген түшүнүк дагы деле бар. Бирок ал нерселер бизге толук түрдө витаминди бере албайт. Акыркы жылдарда аз болсо да түшүнүк өзгөрө баштады. Айрыкча мектепте балдарга туура тамактануу боюнча долбоорлор ишке кирип жатат. Бул да жыйынтыгын берип жатат десек болот. Бирок ошентсе да маалымат берүүнү улантуу керек.

Мындан улам Кыргызстанда балдар арасында темирдин жетишсиздиги, аз кандуулук, кеч өнүгүү сыяктуу көрүнүштөр бар экендигин Юнисеф эл аралык балдар уюмунун төрайымы Юкие Мокуо айтат. Алардын изилдөөсүнө ылайык, ар бир беш жашка чейинки төртүнчү бала анемия менен жабыркайт. Демек булардын баары туура эмес тамактанууга байланыштуу экендигин айтып, төмөндөгүдөй кеңешин берди.

Урматтуу ата-энелер, сураныч, байытылган гана унду алыңыздар. Экинчиден тамак жеп жатканда чай ичпеңиздер. Анткени тамак учурунда чай ичүү тамактагы витаминдердин баарын жууп кетет. Эгерде жарым саат күтө турсаңыздар, организм керектүү болгон темирди өзүнө алат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда курсакты толук кандуу тойгузуу көрсөткүчү 18-13 пайыз түшкөн. Эне сүтү менен багуу 36-41 пайыз көтөрүлгөн.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *