Шашылыш кабар:

Бишкекте бензиндин баасында дагы деле өсүү бар

Ноябрь 14th, 2017 | by Бахар Хакимова
Бишкекте бензиндин баасында дагы деле өсүү бар
Кыска кабар
0

14-ноябрга карата Бишкектеги май куюучу жайларда бензиндин баасы кымбаттаганы байкалды.

Алсак, бир литр Аи-92 маркасындагы бензиндин баасы — 39,2-40 сом болууда. Аи-95 — 41,5-42,5 сом, дизель майы— 37,5-38 сомду түзүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 10 айы ичинде өлкөгө 818,7 миң тонна нефтепродуктылары импорттолгон. Анын ичинен бензиндин түрдүү маркалары 367,5 миң тонна, дизель отуну 451,2 тоннаны түзөт.

9-ноябрда Парламент депутаты Кыргызстанда дизель отунунун запасы эки аптага гана жетээрин кабарлаган. Мунун кесепетинен бензиндин баасы кымбаттары айтылган.

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, октябрь айында бензиндин баасы 1,1 пайызга өстү.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache