Шашылыш кабар:

«Макмалда» алтындын запасы 700 кгдан аз

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
44

“Макмал” алтын кенинде алтындын запасы 700 кгдан аз. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын башчысы Алмаз Алимбеков депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтуусунда, алтынды казуу үчүн жердин алдына 3,5 чакырым кирүү керек болот. 2018-жылы аны иштеп чыгуу максатсыз болуп калат.

“Макмал” алтын кени 1986-жылы негизделген. Долбоордун кубаттуулугу 10 жылга эсептелген.

“Кыргызалтын” ишканасында учурда 2 миң 88 кызматкер иштейт. Борбордук аппаратында 243 кызматкер эмгектенет. Ишкананын бир айлык чыгымы 5 миллион сомду түзөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *