Шашылыш кабар:

Кыргызстанга тыюу салган экспорт боюнча Астанадан билдирүү келди

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
37

Өткөн жумада Казакстан Кыргызстандагы сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган бир нече компаниянын продукцияларын өлкөгө киргизүүгө чектөө койду. Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдиргенин бир катар жергиликтүү басылмалар кабарлады. Бул аракетти казактар Кыргызстандан талапка туура келбеген продукциялар келип жатканы менен түшүндүргөн.


Казакстан Кыргызстандан сүт, эт жана кондитердик азыктарды киргизүүгө чектөө койду. Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдирди. Ал кыргыз өлкөсүнөн киргизилген азыктар талапка ылайык болбой жатканын айткан.

-Быйыл октябрь айында талапка ылайык келбеген азык-түлүктөр 23,4 пайызды түздү. Чек арада алардын сапатын кароо жана коопсуздук үчүн көзөмөл күчөтүлдү. Мындан улам кыргыз тараптын «Ак-Сүт», «РИХА», «Куликовский» жана «Эмилия» аттуу сүт, эт жана кондитердик азыктарын өндүрүүчүлөрдүн товарларын өткөрүүгө бөгөт коюу боюнча токтом кабыл алынды.

Мындан тышкары, ал бул жылы азык-түлүктөрдү сатып алууда, 826 административдик укук бузууларга карата соттун 415-токтому чыкканын айткан. Анын ичинен 360 арызды сот канааттандырып, 19,5 миллион тенге айып салынган. Ошондой эле Бекшин талапка ылайык келбеген 172 тонна азык-түлүк соода-сатыкты ишке ашыруучу жайлардан алынганын баса белгиледи.

Мындай чара боюнча Кыргызстандын расмий органдарына да билдирүү келген.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин билдиришинче, канча жылдан бери экспорт болуп жаткан продукцияларды Казакстан талапка жооп бербейт деп тыюу салды. Бирок кыргыз продукцияларында эч кандай шек жок.

-Азыркы күндө кыргыз-казак чек арасындагы соңку абалга байланыштуу жүк ташыган унаалар чек арада кармалып турат. Ошол эле учурда казак тарап Кыргызстандан барган сүт  жана кондитердик азыктарга тыюу салды. Бул боюнча бизге билдирүү келди. Биздин продукциялардын баары текшерүүдөн өтөт. Мында шек санаганга болбойт.

Экономист Искендер Шаршеев Казакстанга экспорт болчу продукцияларга тыюу салуу атайын жасалууда деди. Анын пикиринде, Кыргызстандын көпчүлүк продукциялары талапка жооп берчү эмес. Муну казактар мурунтан эле билет. Ошондуктан, фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды салууга каражат бөлүшмөк. Бирок  акчаны бөлүп бербей, мароторийдин убакытын бүтүрүп койду.

-Казактар эки жылда бизге 100 млн долларды бөлүп бермек. Ага лабораториялар салынып, продукцияларга сертификат берилиш керек эле. Бирок казактар акчаны берүүнү тездеткен жок. Эки жыл өткөрүп жиберишти. Бул аралыкта Кыргызстан лабораторияларды курган жок. Эми мараторий бүтүп калды. Демек, казактар атайын кылышты. Эми коңшу өлкө ЕАЭБдин мыйзамдарына таянып талапка туура келбеген продукцияларга тыюу сала алат.

Азыркы тапта кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны кайрадан пайда болду. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында кезек күткөн 270 жүк ташуучу унаалар турат. Ушундай эле абал “Чоң капканда” да байкалат, ал жакта 158 оор жүк ташуучу унаа кезекте турат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *