Шашылыш кабар:

5 адамдын өмүрүн алган мас айдоочу жеңил жаза албашы керек

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
24

Чолпон-Атада 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөлүү деп табылган жаран жеңил жаза алып калышы ыктымал. Мындай оюн «Тез жардам» унаасында баратып, жол кырсыгынан каза болгон кош бойлуу келиндин жакындары айтып чыгышты.

Эске салсак, 1-октябрь күнү Чолпон-Ата шаарынын кире беришинде «Мерседес» үлгүсүндөгү жеңил автоунаа катуу ылдамдыкта келе жатып «Тез жардам» машинесин сүзгөн.

«Тез жардам» жолдон чыгып оодарылып кеткен. Ичинде ооруканага бараткан кош бойлуу келин, анын бир тууганы, фельдшер жана айдоочу каза болушкан.

«Мерседести» айдап келе жаткан 23 жаштагы кызга карата Кылмыш кодексинин «жол коопсуздугун сактабагандык, жол эрежелерин бузуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *