Шашылыш кабар:

Бабанов өлкөнү өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамынан чыгарылды

Ноябрь 14th, 2017 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Бабанов өлкөнү өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамынан чыгарылды
Кыска кабар
0

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы өзгөртүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-ноябрда кол койду.

Ага ылайык Чыныбай Турсунбеков, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Олег Панкратов, Темир Жумакадыров, Толкунбек Абдыгулов, Арзыбек Кожошев жана Руслан Акматбек өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамынан чыгарылды.

Ушул эле жарлыктын негизинде Дастанбек Жумабеков, Алмаз Усенов, Дүйшөнбек Зилалиев, Алмазбек Курманалиев, Кубанычбек Кулматов, Артем Новиков жана Нурсулу Ахметова өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына киргизилди.

15-ноябрда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда 2018-2040-жылдарга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоору талкууланат.

Эске салсак буга чейин 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы кабыл алынган. Аталган кеңешти өлкө башчысы өзү жетектейт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache