Шашылыш кабар:

Мьянма бийлиги гуманитардык уюмдарды киргизүүгө макул

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
26

Мьянма бийлиги рохинжа-мусулмандары үчүн эл аралык гуманитардык уюмдарды киргизүүгө макул. Бул тууралуу Манилада өтүп жаткан Түштүк Батыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) саммитинде сүйлөшүлдү.

Жыйында рохинжа маселесин байкоочу катары катышып жаткан Канаданын премьер-министри Джастин Трюдо көтөрдү.

Адам укуктарын бузгандыгы үчүн мьянма менен катар Филипин мамлекети дагы сынга алынууда. Кошумчалай кетсек, Филипинде аталган жыйындын алкагында Трапмтын келүүсүнө каршы акциялар уланууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *