Шашылыш кабар:

2000 сомдук эстелик банкнотасы чыгарылат

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
96

17-ноябрдан тарта 2000 сом номиналындагы улуттук валютанын алгачкы нумизматикалык эстелик банкноту чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматов маалымат жыйынында билдирди.

2000 сом номиналындагы эстелик банкнотасы Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Эстелик банкнота, эгемендүүлүктүн жана сомдун 25-жылдыгына багытталган.

Жаңы иштелип чыккан 2000 сом номиналындагы банкноталарды терминал жана банкоматтар кабыл албайт.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *