Шашылыш кабар:

Киров суу сактагычынын суусу агызылууда

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
282

Суу чарба департаментинин төрагасы Көкүмбек Таштаналиевдин билдиргени боюнча, Киров суу сактагычынын жарым суусу агызылды.

Анын маалыматында, суу сактагычтагы 30 миллион кубометр суунун, 13 миллиону кое берилди.

30 миллион кубометр суу 10 күн ичинде кайра топтолоорун, өткөн жылы суу сактагычта 150 миллион кубометр суу болгондуктан оңдоо иштерин жүргүзүлгөн эместигин Таштаналиев кошумчалайт.

Алдыңкы убактарда дагы 3 млн кубометрдей суу агызылат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *