Шашылыш кабар:

Ош жана Нарын областарында социалдык аудит жана укук коргоо боюнча окутуулар өтүп жатат

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
27
3-ноябрдан 21- ноябрга чейин Ош жана Нарын облустарынын жети айыл аймактарында социалдык аудит жана укук коргоо боюнча окутуулар өтүп жатат.
Тренингдин максаты, жарандардын кызыкчыктарын коргоо жана жергиликтүү тургундардын социалдык биримдигин жогорулатуу болуп саналат.
Иш чаранын катышуучулары укук коргоо темасында компанияларды уюштуруу жана алар тууралуу жалпы коомчулукка маалымат таркатуу, кызыктар тараптар менен жана аудитория менен эффективдүү иштешүүгө үйрөнө алышат.
Учурда окутуу Ош облусунун Кара-Таш айылында жүрүп жатат.  17-18 ноябрда Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылы жана Араван районунун Тепе-Коргон айылында өтөт.
Агартуучу тренингдер Адам укуктары боюнча кеңештин эксперттери Бүткүл дүйнөлүк Банк жана Ага Хан өнүгүү агенттиктеринин колдоосу менен уюштурулат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *