Шашылыш кабар:

Өмүрбек Бабановдун ордун ким басат?

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
160

Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Талант Мамытов же Курманкул Зулушев болоору айтылууда.

Өмүрбек Бабанов 13-ноябрда өзү жазган арызы менен «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидерлигинен кетти. Мындай чечим 22 депутаттын колдоосу менен фракциянын жыйынында кабыл алынган. Эми кийинки чогулушта аталган фракция лидерин тандайт. Азырынча фракция жетекчиси болот деп Талант Мамытов менен Курманкул Зулушевдин аты аталууда. Депутат Пархат Түлендибаев Мамытовдун талапкерлиги боюнча маалыматты четке каккан жок.

— Азырынча так талапкер жок. Эми фракцияда баарылап чечебиз. Мен азырынча ойлоп атам Талант Мамытов. Ал фракция лидеринин орун басары эле. Талапкер болот буюрса. Бул татыктуу киши.   

Жогорку Кеңештин иш тартиби боюнча фракция жыйындары аптанын жума күндөрү болот. Биз «Республика – Ата Журттун» бир катар депутаттарына байланышып, лидер шайлоо боюнча маалымат, ой-пикирлерин угууга аракет кылдык. Эл өкүлү Аида Исамаилова менен сүйлөшкөнүбүздө фракция төрагалыгына аты аталып жаткан депутаттар тууралуу кабары жоктугун айтып, буларга токтолду.

— Азырынча билине элек. Фракция жыйыны качан болоору дагы так эмес. Негизи фракция жыйыны бешинчи күндөрү өтөт да. Бирок кезексиз деле жыйын бар.

Бабанов 13-ноябрда фракция мүчөлөрүнө лидерликтен кетүү тууралуу арызын электрондук негизде жөнөткөнүн фракциялаштары билдирген. Ал учурда өзү чет жерде жүргөнүн, саламаттыгы жайында экенин айтып, шайлоо мыйзамдарын, экономикалык жана социалдык саясатты өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлорун кыска мөөнөттө сунуш кылыш үчүн ыкчам иштөө зарылчылыгын белгилеген. Саясат талдоочу Медет Тулегенов канткен менен Бабановдун лидерликтен кетиши менен анын фракциясы мурдагыдай жигердүү иш алып бара албайт деген ойдо.

Менин пикиримде Бабановго каршы козголгон кылмыш иштин маңызы, фракция лидерлигине байланышкан маселенин бардыгы бийликтин парламент ичиндеги оппозицияны тазалоо максатын көздөйт. Мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо болобу же башка иштерде болобу «Республика-Ата Журт» бийликке маселе жаратчу фракция эле. Бабанов болсо лидерлик кызматын тапшырып берди, кайра башка жетекчи шайлап алуу бул фракциянын ички иши. Бирок, фракцияны Бабанов башкарбай калгандан кийин анын башына ким келсе дагы айырмасы жок.

Өмүрбек Бабанов октябрда өткөн президенттик шайлоодо өзүн бийликчил Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековго негизги атаандаш катары көрсөткөн. Шайлоодо 568 миң 665 добуш алып экинчи болуп келген. Бабанов бул жыйынтыкты моюндап, шайлоо жыйынтыгы чыккандан көп өтпөй Кыргызстандан тышкары чыгып кеткен. Фракциялаштары ал Орусияда экенин жарыялашкан. Анын өлкөгө кайра кайтып келер-келбеси азырынча арсар. Саясат талдоочу Сейтек Качкынбаев Бабановдун фракция лидерлигинен чегиниши менен фракциясы дагы алсыздай турганын айтууда.

— «Кыргызстан» кандай фракция болсо ошол сыяктуу эле болуп, тенденция акырындан ошого барат окшойт. Бабанов мисалы калктын 34 пайыз добушун алганы менен бул көбүнчө акчанын күчү менен келгендей сезилип жатат. Эгерде азыр идеялаштары болгондо көтөрүлүп, эмнеге басмырлап жатасыңар деп дүрбөлөң болушу керек эле.  

«Республика – Ата Журт» фракциясы лидерин алмаштыраары тууралуу маалымат ноябрь айынын башында эле айтыла баштаган. Анда фракция ичинде өз ара пикир келишпестиктер бар экени, депутаттар экиге бөлүнүп жатканы кабарланган. Анткен менен фракция мүчөсү Бактыбек Райымкулов фракция оппозициялык ишин татыктуу алып барат деп ишендирүүдө.

— Биз буга чейин деле оппозицияда келбедикпи. Конструктивдүү оппозиция болдук. Биз мындан ары деле оппозициялык фракция катары өз ишибизди алып бара беребиз. Анткени оппозициялык азчылыктабыз.

2015-жылы «Республика» жана «Ата-Журт» партиялары биригип, парламенттик шайлоого катышкан. Жогорку Кеңешке экинчи болуп келген партиянын парламентте 28 мандаты бар. Бирок, кийин эки партия кайра өз-өзүнчө бөлүнгөн. Парламенттеги оппозициялык «Республика-Ата Журт» фракциясында «Республика» партиясынын дагы «Ата-Журт» партиясынын дагы мүчөлөрү бар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *