Шашылыш кабар:

А. Атамбаев Сокулуктагы кафель чыгаруучу заводго барды

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
85

Президент Алмазбек Атамбаев 14-ноябрда Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында жайгашкан кафель өндүрүлчү заводго барды. Анын алкагында мамлекет башчысы бир жылда 10 млн чарчы метр кафель өндүрүлгөн заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып, даяр продукциянын үлгүсүн көрдү.

Аталган ишканада азыр бир өндүрүш линиясы иштөөдө, экинчиси 2018-жылы ишке киргизилет. Заводдун курулушуна жалпысынан 30 млн АКШ доллары коротулган. Келечекте ал жерде 400 киши жумуш менен камсыз болот. алардын 90 пайызы кыргызстандыктар болсо, 10 пайызын чет өлкөлүк жарандар түзөт. Кошумчалай кетсек, завод ушул жылдын сентябрь айында иштеп баштаган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *