Шашылыш кабар:

Катар эмири араб мамлекеттерин айыптады

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
24

Катар менен дипломатиялык мамилесин үзгөн Сауд Арабия Эмираттары, Бахрейн жана Египет кризистик абалдан чыгуу жолун издөөгө аракеттенишпейт. Мындай билдирүү менен Катардын эмири Тамим бен Хамад Аль Тани Al Jazeera телеканалына чыкты.

Анын айтымында, блокада уюштурган мамлекеттер кризисти жөнгө салуу аракеттерин көрбөй жатышат. Анткени менен Катар эмири Кувейттин эмири  Сабах аль-Ахмедге ортомчу болуу аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, шейх Тамим Доха коңшулаш араб мамлекеттери менен түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга даяр, бирок ар тараптуу сый жана өлкөнүн суверендүүлүгүн сактоо менен гана сүйлөшүүлөргө даярдыгын билдирди.

Эске сала кетсек, 5-июнда аталган араб мамлекеттери Катар менен дипломатиялык кызматташууну токтоткон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *