Шашылыш кабар:

Кыргызстандагы коомдук уюмдар Эр-Риядтагы ракеталардын учурулушуна байланыштуу билдирүү таратышты

Ноябрь 14th, 2017 | by Гүлбарчын Тилембаева
Кыргызстандагы коомдук уюмдар Эр-Риядтагы ракеталардын учурулушуна байланыштуу билдирүү таратышты
Дүйнө кабарлары
0

Жакынкы күндөрү Сауд Арабия падышачылыгынын борбор шаары Эр-Риядтагы аэропортко баллистикалык ракеталардын учурулушуна байланыштуу Кыргызстандагы коомдук жана кайрымдуулук уюмдар билдирүү жасашты.

Билдирүүдө уюмдар зордук-зомбулуктун бардык түрүнө каршылыгын билдиришкен. Алардын пикиринде, бул Хуситтер тарабынан уйуштурулуп кайра-кайра берилген  сокку бүтүндөй араб жарым аралына коркунуч жана ыңгайсыздык жаратпай койбойт. Ошондой эле,  бул согуштун белгиси болуп бүтүндөй өрөөндү апаат каптап жүрбөсүн деген кооптонууларын айтышат.

Билдирүүгө кол койгон “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду жана “Мубадиру” коомдук бирикмеси дүйнө мамлекеттери арасында кошуна укугун сактоо келишими тууралуу эске салып. Ошондуктан, жер бетиндеги мусулмандар үчүн «ыйык» жана «таза» деп эсептелген жерди жана анын берешендүү элин сыйлайлоого, сактоого чакырышат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache