Шашылыш кабар:

Ишкерлер Кытайга виза ала албагандыктан, башка өлкөдөн товар алышууда

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
12

Көптөн бери Кытайга каттаган кыргызстандык ишкерлер менен жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары виза ала албай убара тартып жатышат. Ал эми Тышкы иштер министрлиги буга Кытай тараптын чет өлкөлүк жарандарга виза берүү тартибин катаалдантканы себеп болгонун белгилөөдө. Мындан улам кыргыз ишкерлери Казактандын жарандыгын алып, андан соң Кытайга чыгууга виза ачтырууда.


Жеке ишкер Уран Ниязалиев Кытайга виза алуу үчүн 3-4 ай чуркап, элчиликке кире алган эмес. Мындан улам керектүү продукцияны башка өлкөдөн алып келүүгө аргасыз болгон.

Мен виза алуу үчүн Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине 3-4 ай каттап, бир да жолу кире албадым. Акыры айлам кетип, керектүү буюмдарды Орусиядан алууга аргасыз болдум. Азыр ошол жактан баасынын кымбаттыгына карабай алып жатам.

Азыркы тапта Ниязалиевге окшогон көптөгөн ишкерлер виза ала албай жүрөт. Айрымдары Казакстан мамлекетинин жарандыгын алып, андан соң Кытайга виза ачтырууда.

Буга чейин кыргызстандык жүк ташуучу айдоочулар маалымат жыйын куруп, Тышкы иштер министринин отставкасын талап кылышкан. Ал арада Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа менен 30-октябрда жолугушкан. Анда тараптар жакынкы күндөрү министрликтин консулдук департаменти жана Кытай элчилигинин консулдук бөлүмүнүн өкүлдөрү бул маселени чогуу отуруп, чечүүнү макулдашкан.

Аталган министрликтин Консулдук департаментинин паспорттук виза бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыровдун айтымында, виза маселеси өткөн жылдан бери көтөрүлүп келет. Буга байланыштуу бир нече жолу эки тараптуу жолугушуулар болгон.

Азыркы тапта жергиликтүү оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары да Кытайга виза ала албай, ишсиз калууда. Министрликтин маалыматына ылайык, Кытайга виза алуу боюнча иштер Транспорт жана жолдор министрлиги менен бирге мыйзамда көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлүп жатат.

Торугарт айдоочулар коомунун координатору Жолдошбек  Абдыкасымов бир жарым жылдан бери виза ала албай түйшүк тартып жүрөт. Анын айтымында,  Кытай визасын алуудагы коррупциянын айынан кыргыз айдоочулары ишсиз калды.  Мунун ордуна казак, кытай, тажик, жада калса түрк айдоочулары Кыргызстандан жүктөрүн ташып, миллиондогон акча сыртка чыгып жатат.

— Бул коррупцияны тыйбаса болбой калды. Мына канча акча чет элге кетип калууда. Инвестор тартабыз, завод курабыз, иш ордун түзөбүз деп жатасыңар. Ой, андан мурда бар оокатыбызды эле ар кимге талатпай коргоп албайлыбы? Биз виза алалбай отурабыз. Биздин ордубузга Кытайдын, тажиктин, казактын КамАЗдары иштеп, миллиондогон акчаны чыгарып кетип атышат.

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Кытай өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн виза берүүнү катталдантып койду дейт. Анын айтымында, Кытайдын Бишкектеги элчилигинде жардыруу болгону аларды кооптонтту. Ошондуктан Кыргызстандын коопсуздукту камсыз кылган органдары жакшы иштеши керек.

Эске салсак, былтыр 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жардыруу болгон. Бул окуядан кийин Кытай тарап кыргызстандыктарга виза берүүнү убактылуу токтотуп койгон болчу. 2017-жылдын 1-январынан тарта Кытай чет элдиктерге виза берүүнү катаалданткан.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *