Шашылыш кабар:

Жолдорго видеофиксациялар качан коюлаары бюджеттен көз каранды

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
42

30-ноябрга чейин Бишкек, Ош шаарларында фото жана видеофиксация орнотулат.  Жол эрежесин бузгандарды аныктоочу фото жана видеофиксациялар андан ары бардык республика боюнча коюлат. Мындай тапшырманы премьер-министр Сапар Исаков, 13-ноябрда жол коопсуздугун реформалоо планынын аткарылышын текшерип жатып койду. Эми жолдогу кыймылды тартып алуу иштеринин  жүрүшү тууралуу  Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун көзөмөлдөө  борборунун башчысы Талант Сыдыков менен «Күч чабыт» программасында маектештик.

30-ноябрга чейин эки негизги шаарга фото жана видеофиксация орнотуу тапшырмасы коюлду. Бул кандай негизде ишке ашат?

Бүгүнкү күнү ички иштер министрлиги бул кадамдарга барганга  даяр. Атайын жол көзөмөлдөө борбору ачылган. Пилоттук долбоордун алкагында бир жыл мониторинг жүргүзүп даярдыктан толук өттүк. Өкмөт кабыл алган 453-токтом. Анда фото жана видеофиксация аппараттары менен катталган административдик укук бузуулардан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу тартиби бекитилген. Тагыраагы жол эрежесин бузуудан түшкөн каражаттын 50 пайызы жергиликтүү бийликке түшөт. Кырк пайызы республикалык бюджетке, калган он пайызы ички иштер министрилиге которулат. Ал  эми аппараттык программалык комплекстер жергиликтүү бийликтин эсебинен алынат жана  биз бекитип берген көчөлөргө орнотулат. Бул жаатта аппараттарды туурасын тандоо үчүн биз техникалык мүнөздөмө беребиз.   

-Негизги жолдогу кыймылды тасмага түшүрүү үчүн канча камери орнотулу керек? Сиздерде атайын  эсептөөлөр барбы?

Жалпы эсептөө бар. Ал катталган жол кырсыктарынын негизинде жасалган. Бирок канча камеранын орнотулушу жергиликтүү бийликтин бюджетинен көз каранды. Жалпы Бишкек шаары боюнча 190 видеофиксациялар орнотулган жерди аныкталган. Ош шаарына болсо, 128 кесилиш белгиленген.

-Эми жергиликтүү бийлик кайсы мөөнөткө чейин бул аймактарга толук орнотуп бүтүшү керек?

Тапшырма жыл аягына чейин деп айтылды. Бирок керектүү  фото жана видеофиксация толук орнотулуп бүтөт дегенден алыш болушубуз керек. Ошондуктан бул иштер этап-этабы менен жасалат.

Камераларды орнотуу менен жол эрежесин бузгандарга айып пул дагы көтөрүлөбү ?

Камерага тартылып алынган айып пул автоунаанын чыныгы ээсине барат. Бул дүйнөлүк тажрыйбада ушундай. Мындан эч жака качып кете албайбыз. Ошону менен айып пулдун өлчөмүн көтөрүү боюнча маселе дагы көтөрүлүп жатат. Бирок азыркы тапта бул боюнча так чечимдер чыга элек.

Маегиңизге рахмат!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *