Шашылыш кабар:

БУУ АКШнын аскерлерине Сириянын аймагына кирүүгө уруксат берди

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
35

БУУ АКШнын аскерлерине Сириянын аймагына кирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Джеймс Мэттис Пентагондо уюштурулган маалымат жыйынында билдирди.

Министр журналисттердин » Сирия аймагында АКШнын аскерлерин жайгаштырууга мыйзамдуу негищи барбы?»-деген суроосуна жооп берип жатып,  БУУ Ислам мамлекети террордук тобунун согушкерлерин жок кылууга уруксат бергенин жана ошол үчүн АКШ аскерлери Сирияда согуштук аракеттерди жасап жатканын билдирди.

Бирок, Мэтис эл аралык уюмдун кайсы резолюциясы жөнүндө сөз болуп жатканын айткан жок. Ал эми Сирия бийлиги АКШнын аскерлерин киргизүү жергиликтүү  өкмөт менен макулдашылбагандыгы үчүн мыйзамсыз деп таанып, аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылып жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *