Шашылыш кабар:

Бразилияда аборт кылууга тыюу салынды:миңдеген аялдардын нааразычылыгы

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
30

Бразилянын ири шаарларында  миңдеген аялдар аборт кылууга тыюу салган мыйзам долбооруна каршы митингге чыгышты.

Акция катышкан радикалдуу солчулдар партиясынын шаардык депутаты  Мариэлле Франко аталган мыйзам долбоорун «абсурд» деп атады.

Өткөн жумада парламенттик комиссия аборттун бардык түрүнө тыюу салуу боюнча конституцияга өзгқртүү киргизүү демилгесин бир добуштан колдошкон. Макул болгон депутаттардын баары эркектер болгону айтылууда.

Буга чейин эненин өмүрүнө коркунуч туулганда, зордук-зомбулуктун натыйжасында бойго бүтсө, эгер түйүлдүк өспөй калса аборт кылууга уруксат берилген. Эми жаңы мыйзам күчүнө кирсе, аталган учурларда дагы аборт кылууга уруксат берилбейт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *