Шашылыш кабар:

Орусия Түркия менен соода кызматташтыгын калыбына келтирет

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
30

Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Эрдоган менен Сочиде жолугушту. Эки өлкөнүн лидерлери 4 саатка созулган көп тармактуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Талкууга алынган темалар экономикалык кызматташуудан баштап, Сирия маселесине чейин камтыды. Сирияда кырдаалды жөнгө салуу маселесин эки тарап дипломаттардын катышуусу менен талкуулашты. Анын жүрүшүндө лидерлер Орусия, Түркия жана Ирандын бул маселени чечүүдөгү аракеттери оң натыйжа берип жаткандыгын белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында Владимир Путин Түркиядан бир катар азык-түлүктөрдү экспорттоо кайрадан жанданаарын жана соода кызматташтыгы калыбына келээрин билдирди. Андан тышкары, Путин “Росатом”  ишканасынын биринчи түрк атомдук электр станциясын куруу иштерин баштаарын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *