Шашылыш кабар:

Б.Субанбеков: «Патрулдук милициянын атын эле эмес, затын да өзгөртүш керек»

Ноябрь 14, 2017 | жарыялаган Канай Анаркулов
36

Мамлекеттик авто инсепкция, Жол кайгуул кызматы, Патрулдук милиция деги койчу канча жолу бул кызматтын аты алмашты. Эми ал кайрадан Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы болуп түзүлүүдө. Өкмөт башчы Сапар Исаков, көптү үмүттөндүргөн Патрулдук милиция ишеничти актай албай, өзгөчө акыркы убактагы жол кырсыктары көбөйүп кеткендиктен аны жоюу тууралуу токтомго кол койду.

«Кызматкерлердин жетишсиздигине байланыштуу жаңы түзүмдүк подразделениенин штаттык санын жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Мында башкармалыкка кызматкерлерди ишке алуу сынак негизинде ачык-айкын жүргүзүлөт. Жолдордогу абалдын татаалдыгын эске алуу менен жаңы башкы башкармалык курамын коррупцияга жана чатактарга аралашпаган кесипкөйлөрдөн түзүү зарыл», — деди Исаков.

Ошондой эле премьер-министр  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Исраиловго кыска мөөнөттө төмөнкүлөрдү аткарууну тапшырды:

— милициянын жаңыдан түзүлгөн подразделениесинде сапаттуу жана кесипкөй башкаруучу курам түзүү;

— сынак негизинде кызматка таза милиция кызматкерлерин кабыл алуу;

— Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын жалпы кызматкерлеринин вертикалдык баш ийүүсүн орнотуу;

— Алардын функционалдык милдеттенмелеринде ишенилген участоктогу жол коопсуздугунун абалы үчүн жеке жоопкерчилигин көрсөтүү.

Патрулдук милиция ИИМге өкмөттүн токтому келгенден кийин, бул кызматтар кандай иш алып барары тууралуу пунктар караларын айтып, башка маалымат бере албастыгын билдиришти. Ал эми министрликтен,  өкмөттүн токтому жаңы чыкканын, эми кыска мөөнөттө иш пландар иштелип чыгарын маалымдашты.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку ИИМ Бакирдин Субанбеков, Патрулдук милициянын жоюлганын туура кадам деп эсептерин айтып, эми кандай жаңы кызмат сапаттуу болуш керектигин билдирди.

-Коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун карай турган кызматтар өзүнчө болуш керек. Ошондуктан бул туура кадам. Эми кызматтын атын эле алмаштыра бербей, кызматкерлердин айлык маянасын көтөрүп, коомчулук көрүп тура тургандай ачык тандоо өткөрүш керек. Соттордо айкындуулук болсун дегендей эле, эл көрүп тургандай ачык тандоо болуп, мыктылар келиши керек.

Ошондой эле Субанбеков, кызматкерлерге жакшы шартты түзүп берип, анан аларга да катуу талап коюп, жоопкерчилигин күчөтүш керектигин билдирди.

ИИМдин маалымат бөлүмүнүн башчысы Бакыт Сейитов, кызматкерлердин жоопкерчилиги күчөтүлүп жатканын билдирди.

-Азыр Кайгуул күзөт кызматы коомдогу коопсуздукту карап, ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык мурункудай жалаң гана жол коопсуздугуна жооптуу болгон жатат. Аны менен катар жогоруда айтылгандай, белгилүү бир аймакты караган кызматкердин участогунда кырсык көп катталса, анын жоопкерчилигин кароо маселеси каралууда.

Бишкек шаардык МАИ кызматынын мурунку башчысы Касымбек Райымкул уулу, ар бир кыхзмат өзүнүн функциясын аткарганы жакшы экенин, өкмөттүн бул кадамын колдогону менен кызматкерлердин санын көбөйтүү сунушуна макул эместигин билдирип, буларга токтолду.

-Кызматкерлерди эмес, заманбап техникаларды көбөйтүш керек. Фото-видео жазууларды орнотуу зарыл. Ошондо биз эффективдүү жыйынтыктарды көрө алабыз.

Айта кетсек, ИИМ Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын функциялары, аткара турган иштери  тууралуу жакын арада толук маалымат бериле турганын да маалымдады. Ал эми коомчулукта, өзгөчө социалдык тармактарда бул кызматын атын эле эмес, затын да толугу менен өзгөртүү керек деген чакырык жасашууда.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *