Шашылыш кабар:

Футбол: Тунис жана Марокко Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышты

Ноябрь 13th, 2017 | by Түмөнбай Абдинаби уулу

Марокко жана Тунис футбол боюнча курама командалары Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, «С» тобунда Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуу үчүн оюн Кот-д-Ивуар жана Марокко курама командаларынын ортосунда болгон. Марокколуктар конокто ойноп жаткандыгына карабастан Набиль Дирара жана Мехди Бенатианын киргизген голдорунун натыйжасында 2:0 эсебинде жеңишти камсыздашкан.

«А» тайпасында алдыда келе жаткан Тунис курамасы өзүнүн талаасында Ливиянын курама командасын кабыл алганБеттештин тең чыгуу менен аяктаганына карабастан Тунис курама командасынын буга чейин топтогон упайлары Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алып берди.

Кошумчалай кетсек, Марокко курама командасы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда акыркы жолу 1998-жылы ойногон. Ал эми Тунис курамасы 2006-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугуна катышканы маалым.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache