Шашылыш кабар:

Жолчулардын жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам

Ноябрь 13, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
115

Депутаттар жаңы салынган автожолдордун кепилдик мөөнөтүн беш жылга чейин, оңдоп-түзөөдөн өткөн жолдордукун үч жылга чейин узартууну сунуштап чыкты.

«Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген депутаттардын бири Марат Аманкуловдун маалыматында Америка, Германия өлкөлөрүндө 1 км жолдун курулушу үчүн 2 млн 400 миң доллардан 4 млн 200 миң долларга чейин каражат кетет. Кытайда 900 миң доллардан 2 млн 200 миң долларга чейин акча сарпталат.

Ал эми Кыргызстанда 1 чакырым жолдун наркы 700 миң доллардан 3 млн 100 миң долларга чейин бааланат. Ошол эле учурда Америка менен Германияда салынган жолдун кепилдик мөөнөтү 30 жыл, Кытайда 25-жыл болсо Кыргызстанда 2 гана жыл берилет. Бирок аз эмес акча коротулуп салынган жолдордун жыл айланбай жарактан чыкканына нааразы болгон депутаттардын бири Зиядин Жамалдинов мындай жолдордун бирин мисал келтирди.

— Мына Ош Ноокат жолундагы ашууда жолдор чөгүп кетип бүгүнкү күнгө чейин оңдолбой жатат. Себеби дегенде ал жерге эми эки жыл болуп кетти. Ош, Исфана жолу бүтпөй жатып ушундай болууда. Муну ким жасайт?

Маалыматтар боюнча дүйнөдө салынган жолдордун кепилдик мөөнөтү эң аз дегенде эле беш жылдан башталат. Ушундан улам Жогорку Кеңештин депутаттар тобу мыйзам долбоорун сунуштап, жаңы салынган жолдун кепилдик мөөнөтүн беш жыл, оңдоп-түзөөдөн өткөн жолдукун үч жыл кылууну демилгелеп жатышат. Бирок Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жаңы салынган жолдордун кепилдик мөөнөтүн беш жылга чейин көтөрүүгө каршы чыгып, аны төнмөнкүчө түшүндүрдү.

— Кепилдик мөөнөттү узартканда банктык кепилдиктин дефекттерди жоюу мөөнөттөрүн дагы көбөйтүш керек. Биз азыр өлкөдөгү өзүбүздүн компанияларды бутуна тургузууга аракет кылып турганда майдараак ишканалар ири ишканаларга атаандаша албай калышат.

Анткен менен эл өкүлдөрү Кыргызстан тыштан алган карыздар менен гранттардын басымдуу бөлүгү жол курууга жумшалып жатканын жүйө кылып, министрликти салынган жолдордун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.  Мыйзамдын авторлору документ кабыл алынса жол салган компаниялардын жоопкерчилиги жогорулап, жолдун сапаты дагы жакшырат дешүүдө. Депутат Рыскелди Момбеков өлкөдө жол салган атамекендик компаниялар жок экенин белгилеп, чет элдик ишканалар сапатсыз салган жолдор тууралуу буларды айтты.

— Атамекендик өндүрүшчүлөр салган жолдор 10-20 жыл, СССРдин убагында салынган жолдор 40 жылга жетип жатат. Эмне үчүн кытайлык компания салган жолдордун эки жылда тамтыгы кетип калып атат? Арзан битумду алып келишет. Эгер кепилдикти беш жылга кылсак битумду кымбатыраак алып келет. Кеилдикти дагы мойнуна алат. Чычкандын мурду канабайт. Болгону силер «откаттан» кур каласыңар. Ошону шылтоо кылып үч жыл мөөнөт деп жатасыңар.   

Транспорт жана жолдор министрлиги учурда салынган мамлекеттик маанидеги ири жолдор талапка жооп бербей, аткаруучу компания кайрадан жолду оңдогон факт боло электигин кабарлады. Мыйзам боюнча эгер ишкана курган жол атайын комиссиянын сыноосунан өтпөсө, ишкана өз каражатына кайрадан жолду оңдоого милдеттүү. Министрлик эгер депутаттар демилгелеген мыйзам өтүп кетсе, Кыргызстанга келчү инвесторлордун саны азайып, өлкөдө жол куруу 10 пайызга чейин кымбаттайт деп жатат. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов министрлик кепилдик мөөнөтүн узартууну колдойт, бирок беш жылга эмес дейт.

— Эгерде биз беш жылга чейин деп узартып жиберсек тендерге катышкан фирмалардын баалары өсүп кетет. Биз баалардын өсүшүнө карабай кепилдик мөөнөтүн узартышыбыз керек же орток мөөнөттү такташыбыз зарыл. Министрлик үч жылга чейин болсо жакшы болот эле деп айтып келатабыз.

Кыргызстандагы жол тармагына тиешелүү эң ири долбоорлорду Кытайлык ишканалар аткарып келет. Мисалга алсак, учурда 433 чакырымга созулган Балыкчы-Кочкор-Чаек-Көкөмерен-Казарман-Жалал-Абад аркылуу өтө турган Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун кытайлык «Чайна-Роуд» компаниясы салып жатат. Ал эми Ысык-Көлдөгү 104 чакырымга созулган Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолунда дагы бир кытайлык «Лонг-Хай» копаниясы иштөөдө. Андан кийин эле өлкөдөгү жолдорду курууда Түркиянын ишканалары турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жол салуудагы кепилдик мөөнөтүн узартып тим болбостон, жол салууда алешемдикке жол берген тараптардын жоопкерчилигин күчөтүүнү да сунуштады.

— Өкмөттөн бөлүнүп жаткан миллиондогон каражаттар ысырап болуп жатса, жолду арзан куруп анын зыянын эл тартып атса алар камалыш керек да. Радикалдуу кадамдарга барбасак бул мыйзам кабыл алынган күндө деле бул улана бериши мүмкүн. Ошондуктан биз жоопкерчиликти күчөтүшүбүз керек. Керек болсо, аткаруучу компаниялардын лицензияларын тартып ала тургандай кылышыбыз зарыл.

Белгилей кетсек, жол тармагы Кыргызстандагы жүк ташуулардын 96 пайызын жана жүргүнчүлөрдү ташуулардын 98 пайызын камсыз кылат. Өлкөдөгү жол тармагынын жалпы узундугу 34000 чакырымды түзөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *