Шашылыш кабар:

Эми мамлекеттик мүлктөр онлайн режиминде ижарага бериле баштайт

Ноябрь 13, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
42

Тогуз айда мамлекеттик мүлктү башкаруудан  1 млрд 698 млн сом  келип түштү. Ноябрь айын кошуп эсептегенде 2 млрд 113 миллион сомго  жетти.  Бул маалымат  мамлекеттик мүлк фондунун тогуз айлык жыйынтыгында айтылды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жыл башынан бери мамлекеттик ишканалардын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында оптималдаштыруу ишин башталган. Ал негизги 3 этаптуу кадам менен жасалган. Биринчиси оптималдаштыруу, экинчиси мамлекет ээлик кылган мүлктөрдү инвентаризациялоо жана аларды эсепке алуу.  Мунун натыйжасытогуз айдын жыйынттыгында байкалганын мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков журналисттерге маалымдады.  Анын айтымында, тогуз айда мамлекеттик мүлктү башкаруудан казынага  жалпы 1 млрд 698 млн сом келип түшкөн жана бул көрсөткүч жогору деп бааланган.

Ошону менен көп ишканалар мамлекеттик мүлк фондунун уруксаты жок ижарага берилип келгени аныкталган.

Эсепке алууну жүргүзүп жатканда бир топ маселелер чыкты. Анда мамлекеттик мүлк фондунун уруксаты жок бир нече мамлекеттик мүлктөр ижарага берилип келген. Ал башка мамлекеттик мүлктөр мыйзамды бузуу менен ижарага берген фактылар көп катталды. Ал боюнча тиешелүү кылмыш иштери козголду. Ошону менен биздин фонд тараптан келишимдер жокко чыгарылды.

Оптималдаштыруу  иши  «Кыргызнефтегаз» ишканасында жүрдү. Натыйжада  жоготууда турган ишкана беш айдын аралыгында кирешеге иштей баштады. Буга чейин «Кыргыз петролиум» компаниясына чийки затты кайра иштетүү үчүн анын 25 пайызы калтырылып келинген болсо, бүгүн анын көлөмү 10 пайызга түштү. Ошону менен аталган ишкананын казынасына бир тонна чийки заттан 40 доллардан түшүп жатканын аталган ишкананын төрагасы Рашит Бостонов айтты.

Кайсы жерге акчаны сарптап, кайсы жерден кыскартуу иштери толук жүрдү. Ошонун натыйжасында буга чейин  карызда турган биздин ишкана беш айда бутунан турду. Бүгүнкү күнү планды 215 пайызга аткардык.

Экинчиден оптималдаштыруунун натыйжасында Лейлек районун чыккан чийки зат Бишкек шаарына алынып келинбей, жеринде экспортко чыга баштады. Ошону менен ар бир тоннадан 3 миң сомдон үнөмдөлүп жатат.

Бул иште мындан ары ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн «Таза коом» долбоорунун алкагында электрондук аянча түзүлөт. Мында бардык мамлекеттик мүлктөр онлайн режиминде ижарага бериле баштайт.

Жакынкы аралыкта премьер-министрдин тапшырмасы менен электрондук аянча түзүлөт. Онлайн режиминде мамлекеттик мүлктөр ижарага берилет.

Маалымат ирээтинде айтсак, Мамлекеттик мүлк фонду бүгүнкү күнү 59 акционерди коомго акционердик кылат. Анын 38и көрсөтүлгөн тартипте иш жүргүзөт, ону иш алып барбайт. 5 акционердик коом жоюлуу алдында , дагы алтысы  сызга отуруу алдында турат.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *