Шашылыш кабар:

Эмил Жураев: Бабанов саясий ишин сыртта уланта албайт

Ноябрь 13, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
88

Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Республика-Ата Жур» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов өзү жазган арызынын негизинде фракция лидерлигинен кетти. Бул тууралуу «Марал» радиосуна анын фракциялашы, депутат Бактыбек Райымкулов кабарлады.

Парламенттеги эң ири фракциялардын экинчи катарында турган «Республика-Ата Журт»  фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун бул кадамы жана ага түрткөн жагдайлар тууралуу саясат талдоочу Эмил Жураев менен «Күн чекитте» маектештик.

Марал: Эмил мырза мына парламенттеги КСДПдан кийинки эле эң ири «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов өз арызынын негизинде фракция лидерлигинен кеткенин анын фракциялаштары билдирди. Бабановдун бул кадамына эмне себеп болду деп ойлойсуз?

Эмил Жураев: Менимче ушундай кыйын кырдаалда күтүлгөн эле нерсе болчу. Бир чети Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши анын кетишинин бир фактору болуп турат. Баарыбыз байкап тургандай эле Бабанов сыртка чыгып кетип кайра кайтып келе элек. Келе турган болсо камакка алынышы дагы толук мүмкүн. Шайлоодон кийин эле фракция лидери алмаштырылат, андай болбогон учурда дагы фракция ичинде пикир келишпестик, өз ара ажырым пайда болуп жатат деген маалыматтар тараган. Мунун баарын жалпылап алып караганда Өмүрбек Бабанов оппозициядан президенттик шайлоодо бийликке каршы талапкер болуп чыкканынын натыйжасы. Мүмкүн эгер кылмыш иши козголуп, фракция ичинде ар кандай кыймылдар орун албаганда фракция лидери алмашпайт болчу.

Марал: Бабановдун фракциялаштары ал өз арызынын негизинде, ден соолугуна байланыштуу фракция лидерлигинен кетти деп ишендиришүүдө. Бирок, эң ири оппозициялык фракциянын лидери чын эле өз арызы менен төрагалыкты таштады дегенге канчалык ишенсе болот?

Эмил Жураев: Анын лидерликтен кетишине объективдүү кырдаал түрткү берип жатат. Бул жерде ден соолугу жана башка жүйөлөрдү айтуу бул албетте лигитимдүү, сыпаа түшүндүрмө берүүнүн ыкмасы. Өз эрки менен дегенде ал кишинин деле көзү жетип турат, учурдагы орунду сактап калуу кыйын болот. Сырттан туруп бир нерсе уюштуруу же фракциянын лидери болуу дээрлик мүмкүн эмес болуп турганда анын тарапташтары фракциянын ишин уланта берүүсү үчүн жетекчиликти өткөрүп берүүсү зарыл. Анткени бул жерде жеке Өмүрбек Бабановдун гана иши, тагдыры эмес аны буга чейин колдоп, үзөңгүлөш болуп өз алдынча депутаттык кызматта отурган кишилердин дагы иштөө мүмкүнчүлүгү турат.

Марал: Буга чейин Өмүрбек Бабанов Орусияда экени айтылган. Анын Кыргызстанга келер-келбеси дагы азырынча арсар. Бабанов президенттик шайлоодо бийликтин талапкерине карата негизги атаандаш болуп, шайлоодо экинчи болуп келген эле. Эми Бабанов оппозициялык деги эле саясий ишмердүүлүгүн өлкөдөн тышкары уланта алабы?

Эмил Жураев: Эгерде сыртта кала турган болсо албетте, уланта албайт. Саясатчы, саясий бир кыймыл кылыш үчүн киши саясий чөйрөнүн так ортосунда болушу керек. Узак мөөнөткө өлкөдөн сыртта калуу ою болсо анын мындан аркы саясий келечеги, саясаттагы салмагы азаяшы анык.

Маалымат үчүн: Башкы прокуратура 4-ноябрь күнү Өмүрбек Бабановго жана бир катар адамдарга каршы кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органынан кабарлашкандай Бабановго Кылмыш Жаза Кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо), 299-беренесинин 1-бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) деген айыптар тагылууда.

Иштин козголушуна Өмүрбек Бабановдун 28-сентябрда шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө Ош шаарындагы мурдагы «Он-Адыр» азыркы «Амир Тимур» кичи районунун жашоочулары менен жолукканда сүйлөгөн сөзү негиз болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *