Шашылыш кабар:

Алимент төлөбөгөндөрдүн абийири төгүлөт

Ноябрь 13, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
190

Алимент төлөөдөн качкандардын аты-жөнүн интернетке жарыялоо сунушталууда. Буга тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоору колдоо тапса, мурдагы үй-бүлөсүнө карыз болгон адамдардын аты-жөнү, төлөбөй жүргөн акчанын суммасы жана сүрөтү сот департаментинин расмий сайтына жарыяланат. Ошондой эле, айдоочулук күбөлүгүнөн, аң уулоого чыгуу укугунан ажыратуу сунушталды.


Атын атагысы келбеген замандашыбыз 2 уулун өзү багып келет. Батирден батирге көчүп жашап жүргөнүн жолдошу көрүп туруп кайдыгер мамиле жасап, алимент төлөбөй келгендигин айтат. Бирок ажырашып жатканда соттун чечими боюнча балдарга ай сайын 5 миңдин тегерегинде алимент төлөп турушу керек болчу.

-13 жыл жашадык. Ортодо 2 балабыз бар. Ажырашып жатканда балдарга каралашам деп сөз берген. Бирок убадасын аткарган жок. Бирок башында айла жок төлөп жүрдү. Кийин жумушум жок деп төлөбөй калды. Сурасам мен да кыйналып атам деп тим болду”.

Мындай жалгыз бой энелер бүгүнкү күндө миңдеп саналат. Айрымдарына соттун чечими менен алимент төлөнүп турса, айрым аталар такыр баш тарткан. Мындан улам эл өкүлү Максат Сабиров, алимент төлөбөй жүргөн кишилердин тизмесин коомго ачык түрдө Сот департаментинин сайтына жарыялап, карызынын өлчөмүн ачык көрсөтүп, айдоочулук, аң уулоо сыяктуу айрым укуктарына чектөө киргизе турган мыйзам долбоорун сунуштап, коомдун талкуусуна коюлду.

Эл өкүлү сунуштаган долбоорго карата коомдо ар кандай пикирлер айтылууда. Айрымдар карыз болгон кишилердин ысымын коомго ачык жарыялоо менен натыйжа чыкпайт дешсе, айрымдар ушундай ыкма менен уяткаруу керек деген пикирде. Жада калса, долбоордун үстүндө да иштеп, айрым жагдайларды кошуу керектигин айтышат. Маселен “Сезим” кризистик борборуна жардамга муктаж болуп келген аялдардын 30-40 пайызы алиментин ала албай убара болуп жүргөндөр. Ошондуктан аталган борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова мыйзамдын кабыл алынышы жалгыз бой энелерге колдоо болмок дейт.

— Бул абдан жакшы демилге. Мурда эле көтөрүп чыгыш керек болчу. Анткени бизге келген энелердин көпчүлүгү алиментин ала албай убара. Буга кошумча алардын сүрөттөрүн чек ара кызматында да жарыя кылып илип коюу керек. Анткени акыркы учурларда качып кеткендер да бар. Андыктан аларды сыртка чыкпай тургандай кылып айрым жагдайларды кошуп коюуну сунуштайт элем.

Бирок, жактоочу Эмил Ишеналиев, бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен натыйжа чыкпайт деген ойдо. Жактоочунун айтымында, жөн гана жоопкерчиликти күчөтүү керек. Анткени айрымдар үчүн айдоочулук күбөлүк жалгыз киреше булагы болушу ыктымал. Аны да алып коюу менен ал кишини таптакыр жумушсуз калтыруу жагдайы туулат.

Менин оюмча мындан майнап чыкпайт. Анткени, балким алардын айдоочулук күбөлүгү жалгыз киреше булагыдыр. Аны да алып койсо ансыз да төлөй албай жаткан карызды таптакыр төлөй албай, жада калса өзүн бага албай калышы ыктымал. Андан көрө жоопкерчиликти күчөтүү керек.

Ошондой эле, көпчүлүк эркектер бул нерсеге каршы экендигин айтышат. Анткени сүрөттөрү менен маалыматтын баарын коомго жарыялоо адам укуктарын бузууга жатат дешет.

-Баары айла жоктон ошондой кадамга барышат. Эгерде болуп турса эмнеге бербейли. Анын үстүнө ар кайсы жакта жалданып иштеп жүрсөк, бизге деле оор. Ал эми маалыматтарды ачыкка чыгарып, сүрөттөр менен жарыялоого мамлекет барбайт деп ойлойм. Анткени биз укуктук мамлекетте жашайбыз.

Негизи алименттин өлчөмүн сот чечет. Төлөй турган тараптын айлык акысы жана балдардын санына жараша жалпы өлчөмү 50 пайыздан ашпаш керек.

Мамлекеттик каттоо кызматынын берген маалыматына ылайык, ушул жылдын тогуз айында эле 31 миң 656 үй-бүлө курулуп, ушул эле жылы 7 миң үй-бүлө ажырашкан. Булар расмий түрдө катталгандары гана.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *