Шашылыш кабар:

К.Молдокасымов: Президенттин жарлыгы тарыхты түшүнбөгөн «маңкурттар» эсине келсин деген коңгуроо

Ноябрь 7th, 2017 | by Каныкей Бозгунова
К.Молдокасымов: Президенттин жарлыгы тарыхты түшүнбөгөн «маңкурттар» эсине келсин деген коңгуроо
Улут уюткусу
0

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 26-октябрда “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 7-8-ноябрь күндөрүн “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү” деп жарыялоо, бул күндөрдү жумуш эмес, майрам күн деп белгилөө боюнча Эмгек  кодексине өзгөртүү киргизүү, ошондой эле, Өкмөт менен  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Үркүн” окуяларынын кезектеги жылдыгын, Улуу Октябрь Социалистик революциясынын 100 жылдыгы жана саясий репрессиялардын 80 жылдыгына байланышкан иш-чараларды 7-8-ноябрында өткөрүү жана башка сунуштар белгиленген.

 “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” Жарлыктын мазмуну жана мааниси тууралуу «Улут уюткусунда» тарых илимдеринин кандидаты, профессор  Кыяс Молдокасымов менен маектештик.

КЫЯС МОЛДОКАСЫМОВ:

«Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн» белгилөө тарыхый туура чечим

— Албетте бул Жарлыкка каршы чыккандар, түшүнүп, түшүнбөй өз пикирин айткандар абдан көп болуп атат. Мындай кадам президенттин буга чейин тарыхка жасаган мамилесинин жыйынтыктоочу бөлүгү деп айтсак болот. Себеби, мамлекет башчысынын тарых маселесине арналган көптөгөн Жарлыктары жарыяланган. Өткөн жылы 1916-жылдагы Улуу боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына карата эки Жарлыгы чыккан. Быйыл Падышаны тактыдан кулаткан Февраль революциясынын 100 жылдыгы, Сталиндик репрессиянын курмандыктарынын 80 жылдыгы болуп атат. Булар бири-бирин толуктап турган окуялар катары тарыхта белгилүү. Анткени, 1916-жылы кыргыздар өздөрүнүн эркиндиги үчүн көтөрүлүшкө чыгышкан. Буга чейин биз бул тарыхый окуяны август айынын биринчи жумасында эскерип, белгилеп келгенбиз. Эми ушул үч окуяны бириктирип, ноябрь айында «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» деп өткөрсөк логикалык жактан дагы туура болот. Себеби, 1916-жылы сентябрь айынан декабрга чейин азапка түшүп, 100 миңден ашык кыргыздар кыргынга кабылган өтө оор учур болгон. Андан кийин падышанын «оторчулук» саясатына каршы чыккан кыргыз эли баштаган көтөрүлүштү Орусиянын өзүнөн башталган буржазиялык Февраль революциясы чыгып, Падышаны тактыдан кулаткан. Ал муну менен токтоп калбай, 1917-жылы 7-ноябрда октябрь революциясы болду. Бул кыргынга кабылган кыргыздарды сактап калуудагы эң негизги орунду ээлеген тарыхый окуя. КМШнын көпчүлүк мамлекеттери бул тарыхый окуяны 7-ноябрда белгилебей калганына көп жыл болду. Орусиянын өзүндө дагы бул окуяга анчалык маани берилбей калды. Ага карганда Февраль революциясына көбүрөөк көңүл бурулат. Ошондуктан, ушул эки окуяны бири-биринен ажыратып кароо таптакыр мүмкүн эмес. Буларды 7-8-ноябрда кошуп белгилөө тарыхый мааниси жактан дагы туура болот.

1917-жылдан 1937-жылга чейин 40 миңге жакын кыргызстандыктар кыргынга кабылган

— 8-ноябрды биз буга чейин эле Сталиндик репрессиялар күнү деп белгилеп келгенбиз. Анткени, Октябрь революциясынан кийин Кыргыз мамлекети түптөлүп, аны кыргыздын белгилүү инсандары А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов башында болгон белгилүү инсандар куруп, Кыргыз мамлекетин Кара кыргыз автономиялуу облусунан Союздук республикага айандырууга чейин күрөшүп, Сталинге чейин талаптарды кое алышкан. Ошол макамга ээ болгондон көп өтпөй ал мамлекетти курган биздин улуттук лидерлерибиз, саясий элитанын өкүлдөрү Сталиндик репрессияга кабыла баштады. 1917-жылдан 1937-жылга чейин Большевиктер партиясынын туура эмес саясатынын негизинде 40 миңге жакын кыргызстандыктар кыргынга кабылган. Анын ичинде 137 кыргыздын мыкты инсандары атылып, белгисиз жерге көмүп салгандыгы тарыхта белгилүү. Өзгөчө 1937-38-жылдары коңшу мамлекеттерге караганда Кыргызстанда ушундай кыргынга учураган окуялар көп болгон. Ошондуктан, мындай окуяларды ар дайым эскеришибиз керек. Албетте, 7-ноябрь – бул тарыхый күн. Ушул тарыхый окуялардын барын бириктирип, президенттин Жарлыгынын жана Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү» деп белгилеп, бир чети майрам катары, бир чети эскерүү күнү катары белгилегенибиз тарыхый жактан алганда абдан туура.

Жарлыкта тарыхчылардын сунуштары дагы камтылды

— Өткөн жылы Улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгын белгилөөдө ушул маселе көтөрүлгөн. Август айында ушул окуяны эскерип жатканда коомчулуктун көпчүлүк өкүлдөрү «жайкы эс алуу учуруна туш келгендиктен, аз гана адамдардын катышуусунда эскерилип калып жатат, андыктан, муну күз мезгилине, окуучулар, студенттер окуп жаткан учурга жылдыралы» деген маселени көтөрүшкөн. Быйыл Октябрь революциясынын 100 жылдыгында «бул күндү белгилебей эле коелу» деген ар кандай пикирлер да болду. Коомчулукта бул кыргыздарды кыргындан сактап калган, жаңы доорго сүрөгөн, эңсеген эркиндикке жеткирген өзгөчө күн катары белгилешибиз керектиги айтылды. Ошондуктан, ушул тарыхый окуяларды бириктирип белгилөө боюнча коомчулукка, тарыхчыларга кайрылуулар болду. Биз ой-пикирибизди айтып, кошумчабызды коштук. Ошонун негизинде президент сунуштарды эске алуу менен аны жөн эле белгилебей, тарыхты элдин эс-тутумуна салып, кеңири жайылтып, ар кандай конференцияларды өткөрүп, изилдөө иштерин жүргүзүп, илимий эмгектерди жазууга атайын каражаттарды кароо максатында ушундай Жарлык чыгып жатат. Албетте, биздин сунуштар Жарлыкта камтылды.

Биз дагы бир революция жасашыбыз керек…

— Муну менен эң биринчи кезекте биз тарыхты ар дайым эстейбиз. Былтыр Улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгын белгилеп жатканда ар кандай иш-чаралар, конференциялар уюштурулуп, эл, өзгөчө жаштар бул тарыхый окуя тууралуу жакшы маалымат алып калышты, бирок, дагы деле терең билип, анын маңызын аңдап түшүнө элек. Кыргыздар өз жерине ээлик кыла албай, ажырап калуу эмне экендигин, өз элин башкаруудан четтетилгендиги эмне экендигин дагы деле жакшы түшүнбөй жатабыз. Эгемендиктин маңызын, баркын дагы деле сезбей келип атабыз. Ошондуктан, бул Жарлык менен ошол тарыхты түшүнбөгөн, эркиндиктин баасын билбеген «маңкурттар» эсине келсин деген коңгуроо кагуу болуп саналат. Биз тарых аркылуу, аны терең түшүнүү аркылуу өзүбүздүн эгемендигибиздин баасын билсек, ошондо өз өлкөбүзгө эч канчан кыянат иштерди жасабайт элек, өз элибиздин байлыгын уурдап, тоноо менен байлыкка умтулбайт элек. Мамлекетти байытып, элди жакшы турмушка жеткирсек экен деген 1937-жылдагы каза болгон саясий элитанын жолуна түшкөн болот элек. Биз азыр таза коом курабыз деп жатабыз. Анын маңызы ушул тарыхта жатат. Жарлыктын эң негизги маңызы өткөн бабаларыбыздын эркиндик үчүн, мамлекетти куруу үчүн, Мекенди коргоо жана аны өнүктүрүү үчүн кан төккөн окуяларды, сыймыктуу тарыхый окуяларды эстен чыгарбоо керек экендиги анын ар бир бөлүгүндө ташка тамга баскандай жазылып турат. Ошондуктан, карапайым элден баштап, саясий элитага чейин өз тарыхыбызга урмат мамиле жасап, буга чейин мамлекетти туңгуюкка алып келген саясатчылардан арылып, тазаланып, дагы бир революция жасашыбыз керек. Ал биздин ички, руханий революциябыз болушу зарыл. Ошондо гана биз таза коомду кура алабыз. Бул жагынан алганда аталган Жарлык көп жагынан коңгуроо, эскертүү, туура жолго салуу деп түшүнсөк болот. Анын мааниси ушул жагынан өзгөчө.

«Тарых жаштардын жүрөгүн дайыма жалындатып туруу үчүн керек»…

— Эми майрам десе эле аны арак-шарап алып алып, бири-бирибизге тост айткан нерсеге айландырып жибербешибиз керек. Ошол күндөрү биз өзүбүздү таза кармап, өткөн тарыхыбызга кайра бир сересеп салалы. Кыргызды кыргындан сактап калган, өзгөчө бурулуш алып келген 7-ноябрь бизге эмне берди, кыргыздар башыбыздан кан төккөн окуяларды өткөргөндөн кийин эсибизге келдикпи, келген жокпузбу, Октябрь революциясынан кийин дээрлик жети жыл бою күрөшүп, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө ээ болгон лидерлерибиздин ар бир кадамына саресеп салып, алардан өрнөк алып, кыргынга кабылган 400 миңге жакын адамдын жазыксыз жазаларын  эскерип, аларды урматташыбыз зарыл. Ошондой кан төккөн, кыргынга учураган катачылыктар кайра кайталанбашы керек. «Кыргыз мамлекети кереги жок. Түндүгүбүз Казакстандын, Түштүгүбүз Өзбекстан менен Тажикстандын карамагына кошулуп алып эле жашай берели» деген кыргыз элинин ичинен чыккан Абыке, Көбөш уулдарынын, аларды колдогондордун аракетине сын көз караш менен карайлы. Тарыхтан туура жыйынтык чыгарып, туура сабак алып, алдыга туура кадам ташташыбыз зарыл. Тарых ошол үчүн бизге керек. Кыргыздын чыгаан тарыхчыларынын бири Осмонаалы Сыдык уулу өзүнүн китебинде «тарых жаштардын жүрөгүн дайыма жалындатып туруу үчүн керек» деп жазган. Андыктан, тарыхты терең окуган ар бир жаш муун, ар бир инсан мекенчилдик сезими ойгонуп, жүрөгү жалындап күйүп, келечекке зор ишеним жаралат. Өткөн катачылыктарды кетирбөө үчүн тарыхты дайыма окуп туруу керек. 7-8-ноябрда Кыргызстанды мындан ары кантип өнүктүрүп, кантип алдыга жылдырабыз деген жакшы ой, тилектер менен ушул күндөрдү белгилеп, эскерип, майрамдасак болот. Ошондуктан, Жарлыктын өзү дагы «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү» деп аталып атат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache