Шашылыш кабар:

ЮНЕСКОнун жаңы жетекчиси Одре Азуле болду

Ноябрь 12th, 2017 | by Канай Анаркулов
ЮНЕСКОнун жаңы жетекчиси Одре Азуле болду
Дүйнөлүк жаңылыктар
0

Франциянын мурдагы Маданият жана массалык коммуникация министри Одре Азуле Бириккен улуттар уюмунун Билим, илим жана маданият тармагын тейлеген мекемесин (ЮНЕСКО) жетекчиси  болду. Уюмдун Париждеги штаб-квартирасынын маалыматына караганда мындай чечим аталган уюмдун башкы конференциясында чыгарылган.

Айта кетсек, Азуле Париж-Дофин университетинде билим алган. 2014-жылы Франциянын президенти Франсуа Олланддын Маданият жана коммуникация тармагында жардамчысы болуп иштеген. 2017-жылдын май айына чейин Маданият жана массалык коммуникация министри болуп эмгектенип, андан соң ЮНЕСКОнун башкы директорлугуна талапкерлигин койгон.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache