Шашылыш кабар:

Бекназар Раимкул уулу Сочиде алтын медалды багындырды

Ноябрь 11, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
35

Самбо боюнча өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыргызстандык Раимкул Бекназар уулу алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу спортчунун машыктыруучусу кабарлады. Мелдеш Орусиянын Сочи шаарында 9-ноябрда башталган, 13-ноябрда жыйынтыкталат.

Бекназар Раимкул уулу 74 кг салмакта түркмөнстандык балбан менен кез келген, мелдештин экинчи айлампасында өзбекстандык, үчүнчү беттеште Мароккодон келген спортчу менен чыгып жеңишти камсыздаган. Ал эми финалда россиялык Байзет Хатхокуну утуп алган.

Бекназар Раимкул уулу буга чейин Ташкенте жана Ашхабадда өткөн Азия чемпионатында баш байгени багындырып, эки жолку Азия чемпиону аталган.

Сочидеги Самбо боюнча дүйнө чемпионатына 90 мамлекеттен 800дөй спортчу катышып жатат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *