Шашылыш кабар:

Кыргызбаев: «Центеррага» кенемте төлөтүү оор

Ноябрь 8, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
52

Өкмөттүн Суу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун  парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 30-октябрь күнү 3-окууда жактырган эле. Бирок жарандык коом бул мыйзамга каршы чыгууда. Биз ушул теманын алкагындан Тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын директорунун орун басары Дүйшөн Кыргызбаев менен маектештик.

Марал: Дүйшөн мырза активисттер Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү камтыган өкмөттүн мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин колдоосуна ээ болсо башка мөңгүлөргө дагы зыяны тийет деп кооптонуп жатышат. Документ эмне себептен мынчалык каршылыкты жаратты?

Дүйшөн Кыргызбаев: Биздин түшүнүгүбүз боюнча суу бул келечектеги эң чоң товар катары эсептелет да. Суу тууралуу мыйзам 1992-жылы кабыл алынган экен. Анда мөңгүлөр жайгашкан жерлерде тоо кен тармагына тиешелүү ишканалар иштебесин деген жоболору бар.  Бирок, ага карабай эле 1997-жылы «Кумтөр» кенинен алгачкы алтындар алынып, иштей баштады. Ал кезде бул маселе жаралган эмес. 2006-жылы «Кумтөрдөгү» кендин иштетилип жатканын эске албай эле кайрадан Суу кодекси кабыл алынган. Ошол эле кезде кодекстин 62-67-беренелеринде кенди иштетмек тургай чалгындоо кылганга дагы уруксат берилбейт.

Марал: Өкмөт Довыдов менен Лысый мөңгүсү толугу менен жок болгонун моюндады. Эми мындан башка мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн мамлекет кандай иш аракеттерди кылышы керек?

Дүйшөн Кыргызбаев: Биз дагы өзүбүз барып көрүп келдик. «Кумтөрдүн» борбордук карьерин алсак 2018-2019-жылдары иштейт, 2020-жылы иштебейт.  Кайра 2021-2022-жылдары иштейт. Бүгүнкү күндө ал жердеги мөңгүлөрдү ала турган деле шарттар калган жок. Мыйзамга болсо конкреттүү түрдө эки мөңгүнүн аты жазылып жатат да. Ушул Давыдов менен Лысыйга эле уруксат берилип, аягына чейин иштеткенге жол ачылсын деп. Суу кодексинде болсо башка кендердин аты дагы аталган жок.

Марал: «Центерра» мөңгүлөрдү талкалаганы үчүн кенемте төлөөдөн бошотулат деген дагы сөздөр айтылууда. Бул канчалык негиздүү?

Дүйшөн Кыргызбаев: Менин түшүнүгүмдө экологияга келген чыгымды төлөтүп алууга оор кырдаал пайда болуп калды. Биринчи кезек алар мөңгүлөрдү талкалап иштетип жатканда биздин Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен уруксат кагаз алып иштетип келишкен. Алар айтат да биз силер берген уруксат кагаздардын негизинде иштетип келбедикпи деп.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *