Шашылыш кабар:

Кытайга жүк ташыган айдоочулардын абалы оор

Ноябрь 10, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
42

Куштарбек Жумабаев он жылдан бери Кытайга жүк ташыйт. Анын айтымында, акыркы убакта айдоочуларга Кытайга жүк ташуу үчүн виза берүүнүн мөөнөтү узакка созулуп жатат. Мындан улам айдоочулар банктан алган кредиттерин төлөй албай келет.

-Элчиликке барсак, виза берилбей жатат. Бир жылдан бери виза ала албагандар да бар. Документтерди бергенде узак убакытка чейин кармалып калууда. Бул учурда айдоочулар иштебей үй-бүлөсүн бага албай жатышат. Шопурлар банктан кредит алып, жүк ташуучу унаа сатып алышкан. Кредиттерин убагында төлөй албай кыйналып турат.

Бул көйгөйдү чечүү максатында айдоочулар жүк ташуучулардын кесиптик кошунуна жана оор жүк ташыган айдоочулар бирикмесине кайрылышкан. Мындан улам, баардык туристтик фирмалар менен транспорттук компаниялар чогулуп кеңешишкен. Жыйынтыгында, Кытайга оор жүк ташыган айдоочуларга виза берүү маселелерин кароо боюнча 14 фирма жоопкерчилик алган. Бул боюнча жүк ташуучулардын кесиптик кошунунун төрагасы Дастан Мирякубов кабарлады.

-Аталган көйгөйлөрдү жоюу максатында виза алууну көзөмөлдөгөн байкоочу комиссия түзүлгөн. Виза алуучу айдоочуларда кезек күтүүдө же башка көйгөй жаралса комиссия мүчөлөрүнө кайрылса болот. Айдоочуларга жардам бериш үчүн туристтик фирмалар жана транспорттук компаниялардан түзүлгөн 14 мекеме иш алып барууда.  Баа саясаты жөнгө салынып, анын негизинде виза алуу 250-300 долларга бекитилген. Мурда таанышы болгондор кезексиз виза алышса, азыр виза стабилдүү түрдө кезек боюнча берилип калды. Бирок,кезек дагы эле көп.

Виза берүү маселесин караган “Азатика” фирмасынын өкүлү Дамира Турсуналиева Кытайга жүк ташыгандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу виза берүүдө кезек узакка созулуп жатканын билдирди. Өкүл, айдочулар виза алууда ортомчу фирмаларга кайрылбай, атайын кесиптик кошуунга же фирмаларга келишсе документтерди тапшыруунун жол- жоболорун түшүндүрүп беришээрин белгиледи.

-Акыркы учурда Кытай Эл Республикасына, Эркеш-Там чек араларына барууну каалаган айдоочулардын саны көбөйдү. Бир визанын мөөнөтү алты ай. Кечээ эле ачылган виза көз ачып жумганча бүтүп калат. Аргасыз, айдоочулар документ иштерин башынан тапшырат. Ошентип, үзгүлтүксүз уланууда. Кытай элчилигинин жанында фирманын кызматкерлеринен сырткары ортомчулар пайда болду. Алар кире албаган шопурларга “тез арада виза ачып беребиз” деп алдап коюшат. Ошондуктан, виза ачтырууну каалагандар түздөн-түз биздин фирмаларга кайрылышса.

Визалардын кеч берилишинин негизги себептеринин бири Кытай элчилиги айдоочулардын документтерин жуманын үч күнүндө, анда да түшкө чейин гана кабыл алат. Ага кошумча, Кытайга барып окуган студенттерге виза ачууга көп көңүл бурулуп, айдоочулардын иштери каралбай калган. Оор жүк ташыган айдоочулар бирикмесинин өкүлү Максатбек Дүйшеевдин пикиринде, элчилик көбүрөөк айдоочулардын документтерин кабыл алса, бул көйгөй чечилмек.

-Элчилик кээде алты, кээде 15 кишини кабыл алат. Кызматкерлерден суранат элек, күн сайнын стабилдүү түрдө 25тен айдоочуну кабыл алып турса, шопурлардын пассторттор тезирээк кирип кетмек. Ошого биздин мамлекеттик структуралар Кытай элчилери менен сүйлөшүп берсе, жакшы болмок. Жарандар өздөрү жашаган аймактык ассоциация жетекчилерине барышса.

Эске салсак, былтыр 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болуп, андан элчиликтин үч кызматкери жаракат алган. Бул окуядан кийин Кытай тарап кыргызстандыктарга виза берүүнү катаалданткан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *