Шашылыш кабар:

Илимди өнүктүрүүгө «Таза коом» долбоору өбөлгө болот

Ноябрь 10, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
39

Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата Улуттук илимдер академиямында майрамдык иш-чара өттү. Ага өкмөт башчы Сапар Исаков, эл өкүлдөрү жана академиктер, илимпоздор катышты. Тарыхтагы чоң илимий эмгектерди эске алып, жаңы инновациялык доорго кадам таштоо учуру келди деген өкмөт башчы, илимпоздорду куттуктап өкмөт иштеп чыккан жаңы долбоорду ишке ашуусундагы илимпоздордун ордун белгилеп өттү.


Илимпоздордун социалдык абалы, каражат жагынан колдоо дайым эле айтылып, актуалдуулугун жоготпой келген маселелерден. Өз кезегинде аларга мамлекет тарабынан жетиштүү колдоо болбой жаткандыгын айткандары да бар. Мамлекеттик буйрутмалар жергилиткүү илимпоздорго берилбей, чет элдин кызматын колдонуп, кыргызстандык илимпоздордун эмгеги бааланбай жатат дегендер да жок эмес. Техника илимдеринин кандидаты, доцент Роза Бекбоева суу тармагында илимий эмгектердин үстүндө иштеп келет. Суу ресурсун туура колдонуу үчүн долбоорлор жазылганы менен каражат маселеси жолду бууп салат дейт.

-Бардык нерсе каражатка барып такалган заман. Албетте изилдеп, жаза турган долбоорлор көп. Жазылып дда жатат. Бирок аны ишке ашыруу кыйын. Жөп жөнөкөй лабораториялык изилдөөлөрдү жасоодо да кыйынчылыктар болот.

Каражат маселесинен улам жаш муундун илим тармагына кетпей жаткандыгы көп эле айтылып келет. Турмуш тиричиликке байланыштуу илим менен үй-бүлөнүн ортосунда калгандар да бар. Бирок инновациялык технологиялар тармагында эмгектенип жаткан техника илимдеринин кандидаты  Нурлан Саитов, илим жолунун бүгүнкү багыты өзгөрүп, жасаган эмгекти сата билүү жарышына айлангандыгын белгилейт. Мындан улам өкмөттүн колдоосун күтпөй, ар бир илимпоз заманга жараша ачылыштарды жасап, пайда тапса болот деген пикирде. Анткени эмгек элге пайдалуу жана кызыктуу болсо, ал илимпозго наамды да, акчаны да алып келет дейт.

-Билим убакытты талап кылат. Ал иштелип чыккандан кийин адам өзү такшалат, эмгеги да жаңы ачылыш болгондон кийин кардарын табат. Демек сен илимий даражаң менен каржы жагын да тапкан болосуң. Болгону замандын талабына жараша аны ишке ашыра билүү керек.

Дал ушундай жаңы багытты калыптандырууга өкмөттүн «Таза коом» долбоору да илимпоздорго өбөлгө түзөрүн өкмөт башчы Сапар Исаков, илипоздорду куттуктап жатып айтты. Ал өкмөт иштеп чыккан бул долбоорду ишке ашырууда илимпоздордун эмгегине муктаж экендигин билдирди.

«Таза коомдун» ишке ашырылышы өлкөнү өнүктүрөт деп ишендире алабыз. Коррупцияны жоюп, бюджетке каражат түшө турган учурду алып келет. Бирок аны ишке ашырууда сиздердин эмгек талап кылынат. Анткени ал жаңы доорду түзүүдө илимий ачылыштар, жаңы инновациялык технологияларды колдонуу зарыл.

Мындан улам, өкмөттүн жаңы долбоорунда илим жаатына өзгөчө көңүл буруу, алардын ишке ашпай келген мүдөөсүн аткарат деп  үмүт кылышат. Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев, мунун алкагында ар бир институт өз багытында иш алып баруусу керектигин белгилейт.

-Азыр базар экономикасынын учуру. Өкмөттүн колдоосун күтпөй өз алдынча каржат таап, эмгекти баалай билүү заманы. Мунун алкагында биздин окумуштуулар да дүйнөлүк аренага чыгуу үчүн аракет кылып жатышат. Каражатты да таап, иштөөнү үйрөнүштү.

10-ноябрь дүйнө жүзүндө илим күнү катары белгиленип келет. Кыргызстанда бул күндү белгилөө боюнча токтом 2002 -жылы 14-январда кабыл алынган.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *