Шашылыш кабар:

Айдоочулук күбөлүк алууда жүзүн идентификациядан өткөрүү сунушталды

Ноябрь 10, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
59

Өкмөт жол кырсыктарын алдын алуудагы чараларды талкуулады. Анда айдоочуларды окутуучу мектепти текшерүүдөн тартып, патрулдук милицияны жоюп, жол кыймылын көзөмөлдөөчү башкармалык түзүүгө чейин барды. Ага кошумча мурда айдоочулар  тест тапшырган учурда жүзү идентификациядан өтпөй келсе, эми 1-январдан тартып жүзүн дагы идентификациядан өткөрүп, видео аркылуу таанып тест тапшыртуу сунушталды.


Акыркы 10 күндүн ичинде эле 42 кишинин өмүрүн алган жол кырсыктары өкмөт мүчөлөрүн чукул жыйынга чогултту. Анда жол кырсыктарынын себептери, жоюуга болгон аракеттер талкууланды. Жыл башынан бери болгон кырсыктардын себебине токтолгон Ички иштер министри Улан Исраилов, көпчүлүк кырсыктар тажрыйбасыз айдоочулардын кесепетинен болуп жаткандыгын белгиледи.

“Акыркы учурда айдоочулук күбөлүктү жаңы эле алган айдоочулар кырсыкка кабылып жаткандыгын байкап жатабыз. Бул маселени чечүү керек. Антпесе кырсыктардын көпчүлүгүнө айдоочулар себеп».

Мындан улам өкмөт башчы айдоочулук күбөлүгүн берүүчү бирдиктүү борбор түзүп, борбордо видео көзөмөл орнотулуп, айдоочулук күбөлүгүн алуу сынагы учурунда адам фактору болбой тургандай шарт түзүүнү сунуштады. Өкмөт башчы Сапар Исаковдун сунушуна карата мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Айнура Тойбаева учурда айдоочулардын күбөлүк алууда коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюунун алкагында долбоор иштелип жаткандыгын айтты. Ага ылайык, 1-январдан тартып, айдоочулар тест тапшырып жатып жүзүн идентификациядан өткөрөт.

-Учурдагы тартип боюнча тесттин 500дөй түрү бар. Айдоочулар окуудан өткөндөн кийин бизге тест тапшыруу үчүн келишет. Албетте азыркы күндө да баары электрондук түрдө. Бирок биз буга өзгөртүү катары жүзүн идентификациялоону да сунуштап жатабыз. Анткени мындай ыкма бирөө үчүн башка бирөөнүн сынакка кирүүсүнө жол бербейт. Демек айдоочу күбөлүктү өз күчү менен алган болот”.

Буга кошумча өкмөт башчы Сапар Исаков, жол кырсыктарын алдын алуу максатында Ички иштер министрлигинин сунушу менен 2 токтомго кол койгондугун айтты. Ага ылайык, Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жоюлуп, анын ордуна Жол кыйымылын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалык түзүлөрүн билдирди.

“Мен патрулдук милицияны жоюп, жол кыймылын көзөмөлгө алуучу башкармалык түзүү боюнча токтомго кол койдум. Анын негизинде жаңы түзүлө турган жол кыймылын көзөмөлдөөчү башкармалыктын штабын  кеңейтүү керек. Муну министр өз көзөмөлүнө алат деп ишенем. Бул чечим жол кырсыктарын азайтууга жардам бериши керек”.

Жыйындын соңунда өкмөт башчы министрлерге тийиштүү тапшырмаларды берип, билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиевага автомектептерди 3 жуманын аралыгында текшерип чыгуу тапшырмасын берди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *