Шашылыш кабар:

Арапбаев: Күйүүчү майга баа 15 пайызга чейин өсүшү мүмкүн

Ноябрь 10, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
61

Жогорку Кеңеште айрым депутаттар Кыргызстанда бир-эки жумага гана жете турган күйүүчү май калганын билдирип чыкты. Эл өкүлдөрү бул өлкөдө күйүүчү майга болгон баанын өсүшүнө жана анын таңкыстыгына алып келет деп кооптонуп жатышат. Деген менен Нефтетрейдерлер ассоциациясы учурда күйүүчү майдын запасы 30 күнгө жетээрин, ал эми дизель майынын 20 күнгө жеткидей запасы бар экенин билдирүүдө. Бирок ошол эле учурда өлкөдө бензиндин бир аз кымбаттаганы байкалат. Биз бул теманын айланасында Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев менен «Күн чекитте» маектештик.

Марал: Азамат мырза күйүүчү май маселеси парламент жыйынында көтөрүлүп, айрым депутаттар жакын убакта күйүүчү май тартыштыгы жаралып, баасы дагы өсүшү мүмкүн деп жатышат. Учурда чын эле абал ушундайбы?

Азамат Арапбаев: Бул маселе бүгүн эле чыккан жок. Бир катар депутаттар мындан эки жума мурун парламенттин комитетинен көтөргөнбүз. Ошондо биринчи кезекте дүйнөдө нефтинин баасы өскөнү үчүн, анын үстүнө биз күйүүчү майдын 95 пайызын Россия Федерациясынан алып жаткандыктан баа көтөрүлүшү күтүлүүдө деп айтылган. Экинчиси биз Орусия менен жыл сайын келишим түзөбүз. Ноябрь айына аталган өлкөнүн бажысы керосин, бензин, дизелге төлөм (ред: пошлина) киргизип жатат. Башында жөн гана болжол болчу бирок азыр төлөмдү киргизип койду. Ошондуктан күйүүчү майды керектөөчүлөргө бул сезилет. Баасы 10 пайыздан 15 пайызга чейин өсүшү мүмкүн.

Марал: Орусия Кыргызстанга ташылып келинген күйүүчү майга канча төлөм алат?

Азамат Арапбаев: Россия Федерациясы ташылып келинген ар бир тонна күйүүчү майга 28,8 доллар төлөм алып жатат. Бул маселени чечүүнүн бир гана жолу бар. Ал эки өлкөнүн өкмөт башчылары же болбосо вице-премьер-министрлери жолугуп чечпесе баа көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Марал: Кыргызстанда бул жатта чет өлкөлүк ири компаниялар иштейт. Алар муктаждыкты жаба алышабы?

Азамат Арапбаев: «Газпромдун» Бишкекте гана май куюучу жайлары бар. Чоң компаниялардан «ШНОС», «Ростнефть» бар. Бирок, Бишкектен сыртка региондорго чыкканда май куюучу жайлары жок.  Ошондуктан баалар бир аз көтөрүлдү бул факт. Биз базар экономикасынын шартында жашап жаткандыктан антимонополиядан башка көзөмөл жок. Кыргызстанда эркин базар. Биздин ишкерлер Орусиядан май ташып келип ошондон анан реалдуу конкуренция жаралат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *